Церебралдуу шал оорусу менен жабыркаган бала каза болгон энесинин жанында кыйналып жатып, көз жумган

17 декабря 2019 Церебралдуу шал оорусу менен жабыркаган бала каза болгон энесинин жанында кыйналып жатып, көз жумган

Удмуртия Руспубликаснын Можга шаарында кайгылуу окуя болду. Узакка созулган оорудан кийин жагыз бой эне ДЦП менен ооруган 13 уулунун жанында көз жумган.

Өлүп жаткан энесинин жанынжа калган бала өзү да эпилепсия менен жабыркап, такыр сүйлөй алчу эмес. Курсагы ач калган бала узак убакытка чейин кыйкырган. Жардамга чакырганы менен, уккан адамдар маани берген эмес. Себеби, бала буга чейин деле ушинтип көп кыйкырчу.

Кийин бала коляскадан туруп, ашканага барган. Кранды ачып, суу ичмекчи болуп, бирок кулап кетет. Суу агып, ашкананы суу каптап калат. Батир биринчи кабатта болгондуктан, эч ким үйдүн жертөлөсүн суу каптаганын байкаган эмес.

Жаш бала муздай суунун үстүндө каза болгон. Денеси катуу муздап калгандыктан, жүрөгү токтогон.

6-декабрда өлүү денеси табылган. Оорукчан баланы мугалимдери издей баштаган. Батирге экинчи ирет кире албай койгон кезде полиция кызматкерлерин чакырууга аргасыз болушкан.