Өзбекстанда сабактар мектептин ажатканасында өткөрүлгөн

17 декабря 2019 Өзбекстанда сабактар мектептин ажатканасында өткөрүлгөн

Өзбекстандын Каган шаарындагы №9 мектептин ажатканасы окуу классы катары пайдаланылганын Бухара облустук акимчилиги ырастады.

14-декабрда социалдык түйүндөрдө Каган шаарындагы мектептин ажатканасында окуучулар билим алып жатканы тууралуу маалымат жарыяланган.

Облустук акимчиликтин басма сөз кызматы билдиргендей, 1986-жылы 1051 окуучуга ылайыкташтырылып курулган мектепте учурда 1553 окуучу билим алууда. Буга байланыштуу ажаткана жана ванна бөлмөлөрүнүн бири класска ылайыкташтырылып оңдоодон өткөрүлгөн.

— Үч кабаттын ар бир кабатында ажаткана жана ванна бөлмөлөрү бар. Алардын экөөсү иштебей турган. Болжол менен бир ай мурда класстан тышкаркы сабактарды өтүү үчүн ажаткана бөлмөсүнүн бирөөсү оңдолгон. 13-декабрда ал бөлмөдө өзбек тили сабагы өткөн. Социалдык түйүндөргө жарыяланган сүрөттөр ошол сабакта тартылып алынган, — деп жазылган мекеменин билдирүүсүндө.

Маалыматтарга караганда, облустагы Элдик билим берүү башкармалыгынын өтүнүчү менен ажаткана бөлмөсүн окуу классы катары пайдалануу токтотулду.