Сылап-сыйпалоонун 6 түрү аялды эстен тандырат

16 декабря 2019 Сылап-сыйпалоонун 6 түрү аялды эстен тандырат

Төшөктө жыныстык катнашсыз эле рахат алууга болот.

Төшөк катнашы – бул өтө сезимтал тема. Ал эми андан рахат алуу, аны сезүү кыйынга турушу мүмкүн. Бирок, чыныгы сезим менен өзүн эркин алып жүрүү гана төшөк рахатынын кереметин сезүүгө болот. Анткени менен, анын бир аз сырын билип алуу жетиштүү.

Мисалы, аялдын көкүрөгү менен “ойноп” деле аялды рахаттын туу чокусуна чыгарып, сезимдин эң таттуусун сездирүүгө болорун бардык эркек биле бербесе керек. Адатта, өбүшүү менен сылап-сыйпалоодон кийин иш дароо эле “негизги” нукка өтүп кетет, туурабы? Бирок, анын ордуна аймалап оргазмга жеткире турган жолдорду колдонуп көрүүгө болот.

1. Көкүрөктүн учунан башка жерде да “кызыктар” бар

Адатта, төшөк катнашы учурунда эркекти бир гана көкүрөктүн үрпү гана кызыктырат. Жалпы көкүрөк үчүн бул адилетсиздик. Себеби, анын учунан башка жери да аймалоону күтөт. Аны менен катар, көкүрөктүн бултуйган бүйүрүнөн да сүйүп көрүүгө болот. Өзгөчө, колтукка карай кеткен чуңкур жери – өтө сезимтал келет. Ушул жер кээ бир аялдардын “G” чекити десе да болот.

2. “Оюнчук менен” ойноого болот

Муну аял менен алдын ала сүйлөшүп алууга да болот. Себеби, кээ бирлерине жакпашы мүмкүн. Бирок, төшөктө кызыган кезде көкүрөктүн учуна муз коюп, аны моюн аркылуу эринге чейин сүртүп барсаңыз, кучаңыгыздагы сулуу да муздай ээрийт. Ал эми ээриген сууну өөп гана кургатуу керек. Бул учурда аял укмуш ээрийт. Куштун жумшак жүнү же кийимдин бир учу менен көкүрөктүн айланасын айландырып ойной аласыз.

3. Душ же ваннада...

Албетте, жыныстык катнаш үчүн ыңгайлуу эмес. Деген менен, жубайлардын ортосунда жыныстык катнаш душта де ваннада болуп турат. Жумшак ышкалоо, самын менен көкүрөктүн айланасын, моюнду жай ышкалоо да аялдын кумарлануусун укмуш ойготот. Самындын көбүгүн да пайдалансаңыз болот. Ал эми суудан чыккандан кийин денеге арналган кремди өзүңүз сүртүп берсеңиз, аял эзилип, уктай турган бөлмөгө өзү эле сүйрөп кирет.

4. Атайылап өппөй коюңуз!

Ооба, ысык өбүшүү, мойнунан аймалып, кучактап, ийининен, желкесинен өпкөндөн кийин, атайылап көкүрөгүнүн учу менен айланасына жакындабай эле коюңуз. Аны десертке калтыргандай, аыкрында келиңиз. Мындай убакыт созуу аялды бир аз ачуулантат. Ал эми төшөктө ачуулуу аялдын кумары эки эсе ойгонот. Андай да сулуу да болуп чыга келет. Өзү колуңуздан жетелеп көкүрөгүнө алып келет. Бул керемет натыйжа берет.

5. Өөп барып үйлөп коюңуз

Көкүрөктүн айланасын сүйүп, чучна келгенде жай гана үйлөсөңүз – аялдардын көпчүлүгүнө жагат. Кол менен эмес, ушундайча аялдын кумарын ойготууга болот. Аялга муну көп кайталоонун кереги жок, убакыт өткөрүп, арада колдонуп турсаңыз болот.

6. Көкүрөк – эрин сыяктуу...

Ооба, ар качан аялдын көкүрөгүнө анын назык эрини сыяктуу караш керек. Мисалы, эринге кол жүгүртпөйсүз, манжалардын учун тийгизсеңиз да өтө назик гана аракет кыласыз го. Ушул сыяктуу, көкүрөккө да назик мамиле кылуу керек. Аял көкүрөккө келгенде назик кыймылдоону каалайт. Ал эми назик кыймыл – бул эрин менен, тил менен аймалоо.