Айдоочулар эски күбөлүктөрүн жаңыга алмаштырышы керекпи? Мамкаттоонун жообу

16 декабря 2019 Айдоочулар эски күбөлүктөрүн жаңыга алмаштырышы керекпи? Мамкаттоонун жообу

Кыргызстанда 9-декабрдан тарта жаңы үлгүдөгү айдоочулук күбөлүктөр бериле баштады. Мамкаттоо эскилерин алмаштыруунун зарылчылыгы канчалык экенин түшүндүрүп берди.

Эски үлгүдөгү айдоочулук күбөлүк менен жүргөндөр жаңысына алмаштырбай койсо болот. Бул туурасында Мамлекеттик каттоо кызматынан билдиришти.

Жаңы күбөлүктөр 9-декабрдан тарта бериле баштаган. Ал айдоочулар арыз жазгандан төрт күндөн кийин даяр болот. Себеби күбөлүк Бишкектеги "Инфоком" ишканасында гана жасалып, андан кийин аймактарга жөнөтүлөт.

"Эски үлгүдөгү документ анда көрсөтүлгөн убакка чейин жарактуу болуп эсептелинет. Мындайча айтканда, мажбурлап алмаштыруу жок. Ошол эле убакта быйыл 10-июнда берилген күбөлүктөрдүн мөөнөтү 31-декабрда аяктайт. Алар убактылуу деп берилгендиктен алмаштырылууга тийиш", — деп айтылат маалыматта.

Жаңы айдоочулук күбөлүктүн дизайны жакшыртылып, жогорку сапаттагы материалдан (поликарбонат) жасалган. Бланк жалпысынан 20 коргоочу элементке ээ экендиги айтылат.

sputnik.kg