Чоң атам мага мындай деп көп айтаар эле

14 ноября 2018 Чоң атам мага мындай деп көп айтаар эле

Чоң атам мага мындай деп көп айтаар эле:
• Жылкы суу ичкен жерден суу ич, анткени жылкы эч качан таза эмес суу ичпейт;
• Курт түшкөн мөмө-жемиштерди же, анткени курт эң таза жемиштерге түшөт;
• Жер чычкан уялаган жерге бак тик, анткени ал жердин топурагынын курамы эң бай болот;
• Жылан уялаган жерге үй сал, анткени жылан жашоого эң ыңгайлуу жерге уялайт;
• Тооктор түнөгөндө жатып, турганда кошо тур, күнүң берекелүү болот;
• Жашылчаны көп же, буттарың күчтүү, жүрөгүң эрктүү болот;
• Сууда көп сүз, дайыма сергек болосуң;
• Жерге эмес асманга көп-көп кара, ойлоруң тунук жана таамай болот;
• Пайдасыз сөздөрдү сүйлөбө, жан дүйнөң тынч, акылың бай болот; 
Чындыгында биздин бабаларыбыздын акылмандуулугунда чек жок болгон.

Одноклассник сайтында Rollan Kadyshтын баракчасынан алып фейсбукка жазган Бахтияр Балтабаевдин баракчасынан алынып, Кыргызча макалдар группасына бөлүшүлдү