Жыныстык катнаш эч качан кинодогудай болбойт. Төшөк ырахаты жөнүндө 6 калп

13 декабря 2019 Жыныстык катнаш эч качан кинодогудай болбойт. Төшөк ырахаты жөнүндө 6 калп

Жан берип жан алышкан, “эстен тандырган” төшөк оюнун элестетүүнүн баары романтикалык кинолор менен эротикалык тасмалардын таасиринен болот. Ал эми чындыгында кандай болот?

Андай эмес. Флорида университетинин 25 жылдан бери адам психологиясын изилдөө менен алектенген окумуштуу, сексолог Лори Минц өзүнүн китебинде жыныстык кошулуу тууралуу көпчүлүктү адаштырган эң кеңири тараган 6 калп тууралуу жазган.

1-калп: Күтпөгөн жерден башталып кеткен жыныстык катнаш

Тасмалардын баарында мындай: эркек менен аял бири-бирине кумарлануу менен карап, кучакташа кетет да, “төшөк майданы” башталып кетет. Баары күтпөгөн жерден башталып, рахаттын туу чокусуна чыгуу менен аяктайт. Мына ушундай кинолордун таасиринен чыга албагандар өзүнүн сүйүктүүсүнөн да, жыныстык катнаштан да ошону күтөт, ошондой болушун каалайт.

Ал эми сексологдор күтүлбөгөн жерден башталып кеткен жыныстык катнаш такыр болбойт экендигин айтышат.

Мисалы: аял укмуш көркөм көйнөк, эркектин эсин оодарган ич кийим кийип, укмуш атыр сээп, кечки жолугушууга барды. Аны, албетте, от кучактуу мырза күтүп алат. Кеч алардын төшөктө кошулуусу менен аяктады. Бул ойлобогон жерден эмес, алдын ала пландалган жыныстык кошулуу да, туурабы?

2-калп: Рахатка жетүү үчүн жыныс мүчө чоң болушу шарт

Окумуштуулар 3 миңден ашык аялга сурамжылоо жүргүзгөндө алардын бирөө да эркектин жыныс мүчөсүнүн өлчөмү тууралуу сөз кылышкан эмес. Баарынан айтканы – сүйүктүүсү менен жыныстык катнашты канааттандыруу болгон. Негизгиси натыйжа деп айтышкан.

3-калп: Оргазм эркек менен аялда бирдей болушу керек!

Бул да эротикалык тасмалардан кийинки таасир. Анда жыныстык катнаш аял менен эркекетин бирдей ырахат алуусу менен аяктайт.

Жашоодо андай эмес. Аялдардын көпчүлүгүндө оргазмды сезиши кыйынга турат. Чогуу ырахатка жетебиз дегендер, шеригинин абалын аңдып атып, өзүнүкүн унутуп калат. Ар кимдики ар түрдүү болот, бирөө эрте, бирөө кеч сезет. “Бир убакта...” деген түшүнүктөн арылып, ар ким жыныстык катнаштан өз үлүшүн алганды ойлошу керек.

4-калп: “Узагыраак... Узагыраак...”

Эркектин жыныс мүчөсүнүн өлчөмү төшөк оюндарынан ырахат алууда эч кандай роль ойнобойт . Ушул сыяктуу жыныстык катнаштын мөөнөтүн узартуу үчүн эркек өзүн-өзү контролдобошу керек. Окумуштуулар эркек орто эсеп менен өзүн 2,5 мүнөт гана кармай ала тургандыгын аныкташкан. Айрымдар жыныстык катнашты 30 мүнөткө чейин созуу керек деп эсептешет. Бул дагы жаңылыш ой.  

Керемет төшөк катнашы милдеттүү түрдө узак болууга тийиш эмес. Мындай жандар порно фильмдерди көрүүдөн баш тартышы керек. Аялдар деле узак созулган жыныстык катнаштан тажашат, анткени жан жери ооруксунуп калат.

5-калп: “Оюнчук” менен жалгыз бой аялдар ойношот...

Төшөк каатнашына арналган “оюнчуктарды” көпчүлүк жалгыз бой аялдар гана колдонот деп эсептешет. Ал эми эркектер аны пайдалангандан намыстанышат. Алардын арасында эркектерге арналгандары да бар. Бирок, ошол оюнчуктардын баары эркектин жылуу кучагын, жыныстык кошулууну алмаштыра албайт.

6-калп: “G” чекитин табуу керек...

“G” чекити – кимдин кайсы жеринде экендиги белгисиз. Эгер аны таба алса гана аялды эс-учун тардырган оргазмга жеткирүүгө болот. Бирок, ал оңой эмес. “G” чекити кайда экенин издегенче, аялдан төшөктө эмне жагарын сураган оңоюраак. Илимий факт: бардык эле аялдарда бул чекит бар экендигине кепилдик жок.

Баса, “G” чекити эмне билдиреринен кабарыңыз барбы? Ал “Грэфенберг чекитинин” кыскартылган белгиси. Эрнст Грэфенберг аялдардын жыныс кынын изилдеп жазган. Ал эми башка окумушутуулар анын атынан “G” чекити деп кыскартып алышкан.