Кир жуугучтун ичинде 20 мүнөт айланган мышык тирүү калды

13 декабря 2019 Кир жуугучтун ичинде 20 мүнөт айланган мышык тирүү калды

Британиянын Ливерпуль шаарынын тургуну 20 мүнөт бою иштеп турган кир жууган машиненин ичинде калып кеткен мышыгынын өмүрүн сактап калды.

Пози аттуу мышык кийим салынган кир жууган машиненин ичине кирип кеткен. ал эми аны байкабаган үй ээси машинени иштетип жиберген.

машинедеги мышыктын үнүн уккан кожейкеси үндүн кайдан чыгып жатканын билбей, дал болот. Аңгыча мышыктын машинеде айланып атканын байкап калат.

Мышыкты сыртка чыгаргандан кийин, анын жүрөгү токтоп калганы аныкталган. мышыктын кожейкеси буга чейин жүрөккө массаж жасагандык билгендиктен, акырын массаж жасай баштайт. Мышык тирилгенден кийин атайын дарегерге алып барат.

Мындан кийин мышыктын кожейкеси кир машинесинин сыртына эркертүү жазып, жармаштырып койгон.