Ушундай эриндердин ээси менен өбүшөт белеңиз?

12 декабря 2019 Ушундай эриндердин ээси менен өбүшөт белеңиз?

Жыл аягында интернетте пайда болгон түрдүү формадагы эриндер кызуу талкуу жаратты. Жаңы тредге инстаграм колдонуучулары кандай баа беришет? Көз жүргүртүп көрсөк, көбү жагымсыз экендигин айтышкан.

Мисалы, “Казакстанда бир кыз жасатыптыр. Косметолог клиент всегда прав” деп кардарын коргоого алса, россиялык телеканалдардын бири “Бул фотошоп. Мындай эриндерди жасаткан адам кайра калыбына келтире албайт" дейт. 

Дагы бирөө “мындай эрин менен эч ким өбүшкүсү да, сүйлөшкүсү да келбесе керек?!” десе, башкасы "кой деген кожосу жок адам го!” деген пикирин калтырган. Дагы башка бирөөлөр "эмне эринин жалбыракка окшоштуруп алган, кароонун өзү жийиркентет" дейт. 

Акылбек деген интернет колдонуучу "Акыл-эси жайында эмес го, муну жасаган адамдын соо экендигинен да күмөнүм бар" деген оюн калтырган. “Бул өтө эле аша чапкандык. Көргөндө көңүлүң айланат” дейт Айгерим деген бийкеч.