Бишкекте атышкан кылмыштуу топтун мүчөлөрү эки айга камалды

12 декабря 2019 Бишкекте атышкан кылмыштуу топтун мүчөлөрү эки айга камалды

Мындан бир нече күн мурда Бишкектин Асаналиев жана Гагарин көчөлөрүнүн кесилишинде атышуу болуп, кишилердин жабыркаганы маалым болгон.

Борбор калаада түн ичинде атышууга тиешеси бар деп кармалган эки жаранды Ленин райондук соту №1 убактылуу тергөө жайына эки айга камоо чечимин чыгарды. Бул тууралуу ИИМдеги маалымат булактар билдирди.

Эске салсак, 9-декабрь күнү Бишкектин Асаналиев жана Гагарин көчөлөрүнүн кесилишинде төрт машина жабыркаган.

Ишенимдүү булактар анда уюшкан кылмыштуу топтун мүчөлөрү жаңжалдаша кетип, үч киши түрдүү жаракат алганын кабарлаган. Бул боюнча ИИМ маалымат таратып, жаңжалдашуудан жабыркагандар уюшкан кылмыштуу топтун мүчөлөрү экенин билдирген. Кол салгандар Жалал-Абад облусуна караштуу Токтогул районунун 24 жаштагы эки тургуну экенин да айткан.

Аталган көчөлөрдүн кесилишинде белгисиз автоунаадагылар Toyota Avensis үлгүсүндөгү машинаны аткылап кетишкен. Кийин жабыркагандар кайра алардын артынан кууп, бир нече жолу жол эрежелерин бузган. Аягында жол кырсыгына кабылышкан.

Бул факты КР Жазык кодексинин 39-130-беренеси («Адам өмүрүнө кол салуу») менен Кылмыш жана жоруктардын бирдиктүү реестрине каттоого алынган.

Кийинчерээк атышуу учурунда ок тийип үч киши ооруканага кайрылганы белгилүү болгон. 

sputnik.kg