Ит тез жардам чакырууга көмөктөшүп, ээсинин өмүрүн сактап калган

10 декабря 2019 Ит тез жардам чакырууга көмөктөшүп, ээсинин өмүрүн сактап калган

Англиянын Престон шаарынын Ланкаир графствосунда ээси тепкичтен кулап кеткен кезде лабрадор 6 жаштагы балага тез жардам чакырууга көмөктөшкөн деп The Sun басылмасы билдирет.

36 жаштагы Мия Эллери үйүндөгү тепкичтен кулап кетип, тура албай калган. Колу-бутун сезбей, кыймылдай албай калган. Жардамга чакырганы менен 6 жаштагы кызы Хонор кулакчын менен мультмильм көрүп жаткандыктан эч нерсени сзген эмес.

Ошол кезде Мия Бентли деген итине кызып алып келүүнү өтүнүп белги берген. Лабрадор конок бөлмөгө жүгүрүп барып, кыздын кулакчынын жулуп алган. Андан соң бөлмөдөн чыкмайынча кыздын кийимин жулкулдата берген.

Кийин ээсинин телефонун таап берген, кызы дарыгерлерди чакырат. Дарыгерлер келгенче ит ээсинин жанынан чыккан эмес. Аялдын бел омурткасы жабыркап ооруканага жаткырылган.

Ээси итине ыраазы болуп, көптөн бери муздаткычтан сыра, телевизордун пультун, мобилдик телефонду алып келүүнү үйрөтүп койгонун айтат.