Баш бирөөнүн кылмышы үчүн 11 жыл түрмөдө отурган адам эркиндикке чыкты

10 декабря 2019 Баш бирөөнүн кылмышы үчүн 11 жыл түрмөдө отурган адам эркиндикке чыкты

Кытайда 11 жыл бою бирөөнүн кылмышы үчүн кесилип кеткен адам эркиндикке чыкты, деп AsiaOne басылмасы билдирет.

2008-жылы 51 жаштагы Ли Цзянонго кошунасы 75 жаштагы Цао Цзюйин аттуу аялды өлтүрдү деген айып тагылып, өлүм жазасы белгиленген. Бирок, жаза жылдырыла берген. 2008-жылдан баштап үрмөдө болгон.

Цао Цзюйин 2007-жындын аягында каза болгон. Анын денеси пенсияга чыкканга чейин өзү иштеген цемент заводунун жанында табылган. Аялдын оозу изолента менен оролуп, катуу зат менен башы урулган абалда жаткан.

Полиция кызматкерлери аялды тааныган адам өлтүргөн деген жыйынтыкка келип, кошуна жашаган Ли Цзянонду камакка алышкан. Тергөө иштери анын мотивин, кылмыштын курамын, ордун аныктай алган эмес. Ошого карабай, кишини күнөлүү деп соттошкон.

Он жылдан кийин Цзянондун туугандары кылмыш ишин кайра кароого мүмкүндүк алган. Бул жолу аны күнөлүү деп тапкан далилдер жеткиликсиз деп аныкталып, өкүм жокко чыгарылган.