Сауд Аравияда эркек менен аялдар эми кафе-ресторандарга чогуу кире баштайт

10 декабря 2019 Сауд Аравияда эркек менен аялдар эми кафе-ресторандарга чогуу кире баштайт

Буга чейин кафе-ресторандарда аялдарга өзүнчө кире бериш болсо, эркектер башка жактан кирчү. Ал эми практика жүзүндө мындай өзгөрүүлөр эчак эле башталганы айтылып келет.

Сауд Аравиянын өкмөтү эркектер менен аялдар үчүн кафе-ресторандардагы бөлүнгөн, өз-өзүнчө кире бериштерди жокко чыгарды. Бул тууралуу BBC билдирди.

Практика жүзүндө мындай өзгөрүүлөр эбак эле башталган. Айрым кафе-ресторандар кире бериштерин өз-өзүнчө бөлүүдөн баш тартып коюшкан. Буга чейин кафе-ресторандарда бала-чака жана аялдарга өзүнчө кире бериш болсо, эркектер башка жактан киришчү.

Бийликке 2015-жылы падыша Мухаммед бен Салман келгенден кийин өлкөдө ири реформалар жасала баштаган. Бен Салман Vision 2030 стратегиялык планын кабыл алган. Анын алкагында мамлекеттин экономикалык жана коомдук абалынын өзгөрүшү күтүлүүдө. Сауд Аравияда 40 жылдан бери биринчи жолу кинотеатрлар ачылып ишке кирди. Ошондой эле өлкөнүн өзүнүн кинотеатры да курулмакчы. Мындан сырткары, аялдарга көп нерселерге уруксат бериле баштады. Алсак, өткөндө Сауд Аравиянын бийлиги кыз-келиндердин аскерге барып, кызмат өтөшүнө биринчи ирет уруксат берди.

Ошондой эле аялдар рулга отуруп, унаа айдай башташты.

sputnik.kg