Бишкектеги атышуудан үч киши жаракат алды

10 декабря 2019 Бишкектеги атышуудан үч киши жаракат алды

Борбор калаанын батыш тарабында ок атылып, окуя болгон жерге келген милиция анын чоо-жайын тактап жатат.

Бишкекте болгон атышуудан Бишкек шаардык травматология жана илим-изилдөө борбуна ок тийген үч киши кайрылды. 

Буга чейин Асаналиев жана Гагарин көчөлөрүнүн кесилишинде ок атылганы маалымдалып, төрт машина жабыркаганы айтылган. Ишенимдүү кишинин айтымында, уюшкан кылмыштуу топтун мүчөлөрү жаңжалдаша кетип, үч киши түрдүү жаракаттарды алган.

Милиция окуя болгон жерде ыкчам иликтөө аракеттерин көрүп жатат. Атышуу болду деген жерден гильзалар табылган.

sputnik.kg