Ошто эт сатуу үчүн эшек фермасы түзүлгөнбү? Милициянын жообу

10 декабря 2019 Ошто эт сатуу үчүн эшек фермасы түзүлгөнбү? Милициянын жообу

Облустук милиция ветеринардык органдар, жергиликтүү бийлик жана жеке күзөт ишканасы менен текшерүү иштерин жүргүзүп, 1000дей эшек багылган ферма бар экенин аныкташкан.

Ош облустук милиция Мады айылындагы эшек фермасы тууралуу социалдык тармакта тарап жаткан видео эски экенин түшүндүрдү.

Белгилей кетсек, учурда мессенджерлерде 500дөй эшек багылып жаткан ферма тууралуу видео тарап жатат. Аны тарткан киши эшектердин эттери базарларда сатылып жатышы ыктымал деген божомолун билдирген.

Облустук милиция ветеринардык органдар, жергиликтүү бийлик жана жеке күзөт ишканасы менен текшерүү иштерин жүргүзүп, жыйынтыгында чынында эле 1000дей эшек багылган ферма бар экени аныкталган. Бирок милиция аталган жерде эшек союлуп, эти сатылып жатканы боюнча далил таба алган эмес.

Териштирүү учурунда укук коргоо органдары аталган видео 2015-жылы тартылганын аныкташкан.
Учурда жалган маалыматтарды ким тараткандыгы иликтенүүдө.

sputnik.kg