Мамлекеттик айыптоо Албек Ибраимовду 20 жылга, Кубанычбек Кулматовду 15 жылга кесүүнү суранды

10 декабря 2019 Мамлекеттик айыптоо Албек Ибраимовду 20 жылга, Кубанычбек Кулматовду 15 жылга кесүүнү суранды

Бүгүн Бишкектин Ленин райондук сотунда баш калаанын мурдагы жетекчилери Кубанычбек Кулматов жана Албек Ибраимов боюнча сот иши уланды. Ага ылайык, мамлекеттик айыптоо Албек Ибраимовду 20 жылга, Кубанычбек Кулматовду 15 жылга кесүүнү суранды.

Жалпысынан бул иштин алкагында 13 кишинин жоопкерчилиги каралып жаткан.

Сот жараянын жүрүшүндө мамлекеттик айыптоо Бишкектин мурдагы вице-мэри Ренат Макеновду, мэриянын кызматкерлери Урмат Мырзакановду, Бакыт Турусбековду, Азамат Гүлжигитовду 8 жылга, мэриянын коомдук-мамлекеттик капиталдык курулуш башкармалыгынын мурунку башчысы Сталбек Өмүркановду, «Айкөл курулуш» компаниясынын жетекчиси Сейиткан Алиевди, «Альто Групп» компаниясынын башчысы Кубат Шаршекеевди 15 жылга кесүүнү суранды.

Ал эми дагы эки айыпталуучу «Дастан Инжиниринг» компаниясынын мурдагы директору Асылгүл Сасыбаева менен Мырзабек Бактыбековду кылмыш мөөнөтү өткөнү үчүн үй камагына чыгаруу тууралуу өтүнүч келтирилди.

Кулматов Кытай берген акчага «Бишкектин четиндеги Калыс-Ордо конушунда мектепти курууга кеткен 2 миллион долларды пайдаланууда жемкорлукка барган» деп соттолууда.

Ибраимовго «Ысык-Көлдөгү «Күнөстүү жээк» пансионатын сатууда мамлекетке 152 миллион сомдук зыян келтирген, «Дастан» ишканасын жетектеп турганда 270 миң доллар өлчөмүндө мыйзамсыз сый акы алган жана Бишкектин түштүгүндөгү беш гектар жерди мыйзамсыз бөлүп берүүгө тиешеси бар» деген айыптар коюлган.

Экөө тең былтыр жайдан бери Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин (УКМК) тергөө абагында отурган. Алар күнөөсү жок экенин айтып, мурдагы президент Алмазбек Атамбаевге жакын мамиледе болгону саясий куугунтукка кабылганын айтып келишет.