Борбордук Азия 2019-жылы: жыйынтыктар

9 декабря 2019 Борбордук Азия 2019-жылы: жыйынтыктар

Бүгүнкү борбор азиялык интеграция идеялары кайрадан жанданды. 2018-жылдын март айында Астана шаарында (азыркы Нур-Султан) биринчи жолу региондун мамлекеттеринин башчыларынын консультациялык жолугушуусу болуп өттү, ал эми 2019-жылдын 29-ноябрында Ташкентте өлкө жетекчилеринин экинчи жолугушуусу болду. Бул жолугушуулар анчалык чоң деңгээлде болбосо дагы, Казахстандын, Өзбекстандын жана Кыргызстандын жаңы президенттери регионалдык маектешүү процессин жүргүзүүгө аракет жасаган жаңы эпоханын башталышы (интеграция жөнүндө азырынча сөз жок).

Улуттук иденттүүлүктү калыптандыруу, советтик инденттүүлүктөн ажыроо менен өзүнүн саясий тирөөчүн издөө көйгөйлөрүн башынан өткөрүп, бул мамлекеттер социалдык, маданий, экономикалык чөйрөдө, өзгөчө эң жөнөкөй адам укуктары чөйрөсүндө оор мезгилди, айрым убактарда чоң артта калууларды башынан кечирди.

“Борборазялык бешилик” узак убакыт бою тыштан чогулган форматтардын курамында болуп келди. Мисалы, АКШ, Япония, ЕБ, Түштүк Корея Борбордук Азия өлкөлөрү менен «АКШ + 5», «Япония + 5», «ЕБ + 5», «Түштүк Корея + 5» формуласы боюнча жолугуп келди. Кээ бир орусиялык эскперттер бул форматтарга сактык менен каргандыгына карабай (бул форматтардын ЕАЭБ менен болгон атаандаштыгына байланыштуу), жакында Россия (ага ыңгайлуу болгон себептен) аларды өзүнүн кызыкчылыгына пайдалана баштады. Ошентип, 2019-жылдын 10-октябрында КМШ өлкөлөрүнүн Ички иштер министрлер кеңешинин кеңешмесинин отурумунун аянтында Борбор Азиянын жана Россиянын тышкы саясаттык ведомстволорунун башчыларынын жолугушуусу болду. Чындыгында эле, региондо бир катар трансчегаралык көйгөйлөр бар (суу-энергетикалык маселелер, терроризм, диний  экстремизм, трансчегаралык кылмыштуулук – эң башкысы “Түдүк маршруту” боюнча Борбордук Азия аркылуу Россияга жана Европага баңгизаттардын аткезчилиги). ЕАЭБдин курамында Казахстан жана Кыргызстан гана, ЖККУда Казахстан, Кыргызстан жана Таджикистан тургандыгын, ал эми Туркменистан бардык убакта “позитивдүү бейтараптык” статусуна ээ экендигин эске алганда, Россия “Россия+5” форматынан тышкары бул маселелерди кайсы форматта талкууламак.

“Борборазиялык бешиликти” региондон тышкаркы оюнчулар чогулткан бардык мезгилде, Борбор Азиянын мамлекеттери көпчүлүк учурларда анын субъекти эмес, эл аралык мамилелер тутумунун объекти катары болуп келишкен. Азыр ишке ашырылып жаткан борборазиялык интеграция идеясына кайтуу региондун мамлекеттери эл аралык мамилелердин субъектттери катары аң сезимдүү түрдө өзүнүн ролун жогорулатууга, өзүнүн регионунун саясий, экономикалык жана социалдык түзүмүн калыптандырууга жоопкерчилик алууга даяр экендигин билдирет.

Бул өңүттөн алганда, биринчи ирээтте, борборазиялык интеграциянын мурдагы долбоору эмне үчүн ийгиликсиз болуп калганы, жана “борборазиялык бешиликтин” азыркы жолугушуулары эмне үчүн мурдагы баскычтан эмнеси менен айырмаланары тууралуу маселелер каралышы керек.

Советтер Союзу тарагандан кийин 1991-жылы борборазиялык мамлекеттер өзгөчө оор абалда калышты. СССРдин алкагында союздук республикалардын экономикалык өз ара көз карандылыктын эң жогорку деңгээлине жетишкен. Бул байланыш системасынын кулашы олуттуу көйгөйлөрдү жаратты. Бирок Борбордук Азиядагы көз карандысыз жаңы мамлекеттердин өнүгүү деңгээли постсоветтик мейкиндиктин европа бөлүгүндөгү республикалардан төмөн болгон. Ошондуктан борборлоштурулган системанын кулашынын кесепеттерин жеңүү алар үчүн кыйындыкка турду. Мындан тышкары, Борбордук Азия мамлекеттери Дүйнөлүк океандан алыс жайгашкан аймактын өзгөчөлүгүнө жараша алар дүйнөлүк рыноктордон обочолонгон. Демек, ар тараптуу кризистерди жеңүү үчүн аларга бири-бири менен кызматташуу зарылдыгы жаралды. Биргелешип чечүүнү талап кылган аябагандай көп маселелер бар эле – биринчи кезекте, суу-энергетикалык чөйрөсүндө.

Аларды чечүү максатында регионалдык деңгээлде мамлекеттер арасында мамилелерди жөнгө салуу үчүн ар түрдүү уюмдар түзүлгөн. Бирок, жалпыга тиешелүү маселелердин жана жакындатуучу факторлордун болушуна карабастан, толук кандуу интеграцияланган бирикмени түзүү долбоорлору ошол бойдон ишке ашырылган жок.

 Белгилеп кетүүчү нерсе, борборазиялык мамлекетер Беловежск макулдашуусунун жыйынтыгында келип чыккан СССРдин кулашына даяр болгон эмес. Ошондуктан “борборазиялык бешилик” биринчи жолу бул окуядан кийин дароо эле 1991-жылы 13-декабрда Түркмөнстандын борборунда чогулду. Анда регион мамлекеттери СССРин ордуна уюшулуучу КМШга кирүүгө макулдашкан, бирок, тарап жаткан Союздун субъекттеринин тең укуктуу катышуусун камсыз кылуу жана КМШ өлкөлөрүнүн бардык мамлекеттерин уюмдун түзүүчүсү катары кабыл алуу шарттарын коюшкан (белгилүү болгондой Беловежск макулдашуусунда СССРдин түзүүчүлөрү катары Россия, Украина жана Беларусь гана белгиленген).

Мындан ары КМШга интеграция болуу ыргагына жана мүнөзүнө болгон нааразычылыктын өсүшү менен борборазиялык региондун мамлекеттери эми мурдагы союздук республикалардан тышкары өз алдынча интеграцияга аракеттене башташты. Борбор Азиядагы бул сыяктуу өзүнчө процесстин башталышы 1993-жылы 29-июлдагы Алматадагы Казахстан жана Өзбекстандын ортосундагы экономикалык интеграцияны тереңдетүү чаралары жөнүндөгү өкмөт аралык макулдашууга кол коюу болду, бул макулдашууга кийинчерээк Кыргызстан да кошулду. Бул макулдашууга катышкан мамлекеттер мурдагы өндүрүш байланыштарынын үзүлүшүнөн кийин жалпыга тийиштүү экономикалык милдеттерди чечүүнү, региондун мамлекеттеринин экономикалык дараметин өнүктүрүүнү, энергетикалык ресурстарды бөлүштүрүүнү, регионалдык коопсуздукту камсыз кылууну негизги максаттар катары карашкан. 

1994-жылы 30-апрелде Казахстан, Өзбекстан жана Кыргыз Республикасынын ортосунда Бирдиктүү экономикалык мейкиндик түзүү жөнүндө келишимге кол коюлган, аталган келишим “товарлардын, кызматтардын, капиталдын, жумушчу күчүнүн эркин жүгүртүлүшүн карайт жана макулдашылган насыялык-эсептик, бюджетик, бажылык жана валюталык саясатты камсыз кылат”. Мамлекеттер арасында интеграциялык программаларды өнүктүрүү боюнча так максат коюлган. Бул Борборазиялык биримдиктин түзүлүшүнө башат болду. Мындан тышкары саясий чөйрөдө да кызматташтык жанданган: 1995-жылы мамлекет башчыларынын деңгээлинде Мамлекеттер аралык кеңеш түзүлгөн, ошондой эле Премьер-министрлер кеңеши, Тышкы иштер министрлеринин кеңеши, Коргоо министрлеринин кеңеши түзүлгөн, башкача айтканда тийиштүү багыттарда өз ара алакаларды жөнгө салуу үчүн институттар пайда болгон. Борборазиялык кызматташтык жана өнүктүрүү банкын түзүү жөнүндө чечим кабыл алынган.

Борборазиялык биримдиктин алкагында бир катар макулдашууларга кол коюлган, анын ичинде Сырдарыя суусунун бассейнинин суу-энергетикалык ресурстарын пайдалануу жөнүндө, айлана чөйрөнү коргоо жаатында макулдашуулар ишке ашырылган. Бирок буга карабастан процесс алдыга жылган эмес жана Борборазия биримдиги 1998-жылга чейин гана иштей алган. Бул Борбордук Азиядагы интеграцияга мамлекет башчыларынын ар түрдүү көз карашта болушу менен байланышкан, анын үстүнө мамлекет ичиндеги мындан да курч социалдык-экономикалык көйгөйлөр көңүл бурууну талап кылган. Ошондуктан интеграциянын саясий аспекти региондо экономикалык кызматташтыкты кеңейтүүнүн пайдасына артка жылдырылган.

1998-жылы Таджикистан кошулгандан тарта Борборазиялык биримдик Борборазиялык экономикалык коомдоштук деп кайра түзүлдү. Эми жаңы курамда мамлекеттер суу-энергетикалык, агро-өнөр-жайлык чөйрөдө, транспорт багытынд өз ара арекеттенишүү, айлана чөйрөнү коргоо жаатында биргелешип иштөө сыяктуу чөйрөлөрдө кызматташууну алдыга коюшту. Бирдиктүү экономикалык мейкиндикти калыптандыруу жолунда биринчи кадам катары эркин соода-сатык кылуу зонасын түзүүгө өзгөчө көңүл бурулган. Бул багыттар Борборазиялык экономикалык коомдоштуктун өнүгүү стратегиясы 2005-жылга чейин жана Эркин экономикалык мейкиндикти түзүү калыптандыруу боюнча биринчи кезектеги иш-аракеттердин программасы 2002-жылга чейин сыяктуу документтердин кабыл алынышы менен бекемделген. Эркин соодалашуу зонасын түзүүнүн аякташы менен бажылык, төлөмдүк жана валюталык биримдиктердин түзүлүшү, жана мунун жыйынтыгы катары товарлардын, кызматтардын жана капиталдын бирдиктүү рыногунун түзүлүшү божомолдонгон. Жалпысынан алганда Борборазиялык экономикалык коомдоштуктун алкагында 50дөн ашык экономикалык долбоорлор бекитилген жана 160 ар тараптуу келишимдер түзүлгөн, бирок алардын көпчүлүгү ишке ашырылган эмес. Мунун негизги себептеринин бири региондун ичиндеги өз ара соодалашуунун көлөмүнүн төмөндүгү болгон, жана бул көрсөткүч мындан ары да төмөндөгөн, себеби региондун мамлекеттери региондон тышкаркы өнөктөштөргө багыттала баштаган.

Радикалдуу исламизмдин таасиринин күчөшүнө жана “Талибан” кыймылынын (уюм террористтик деп таанылган, ал Россияда тыюу салынган) аскерлеринин Бобордук Азиянын чек арасына жакындап келгендигине байланыштуу региондогу коомсуздук маселеси уламдан улам актуалдуу боло баштаган. Ушуга байланыштуу региондун мамлекеттери ортосунда да, жана да сырткы факторлордун ортосунда саясий-аскердик кызматташтыкты күчөтүү эң маанилүү аспектилердин бири болуп калды.   Региондо коопсуздукту камсыз кылуу багытындагы көп тараптуу кызматташтыкты жандандыруу максатында диний экстермизм жана терроризм менен күрөшүү саясатын иштеп чыгуу үчүн Ташкенттеги кезектеги саммитте 2001-жылы Борборазиялык экономикалык коомдоштукту Борборазиялык кызматташуу уюму катары кайра түзүү чечими кабыл алынган. Ошентип, негизги көңүл экономикалык маселелерден региондогу туруктуулукту камсыз кылуу жана тынчтыкты сактоо маселелерине бурулган. Жаңы уюмдун алкагында саясий-аскердик багыттагы кызматташуу активдешкен, ошондой эле саясий кызматташтыкты күчөтүү аракеттери жасалган, тактап айтканда мамлекеттердин парламенттери аралык кызматташуу жана Борборазиялык кызматташуу уюмунун катышуучу-мамлекеттеринин кеңешин түзүү. 2002-жылы Ташкентте жаңы уюмдун алкагында парламенттердин өкүлдөрүнүн жолугушуусу болуп өткөн.

Бирок, интеграциялык түзүмдү түзүү жана кызматташууну күчөтүү боюнча региондун мамлекеттеринин активдүү ишмердүүлүгүнө карабастан, интеграция коюлган максаттарына жеткен эмес. Бирдиктүү рынок түзүлгөн эмес. Мунун себеби мамлекеттердин экономикалары улам барган сайын алыстагандыгында болгон. Россиянын Борборазиялык кызматташуу уюмуна кирүү чечими кабыл алынгандан кийин, 2005-жылы Борборазиялык кызматташуу уюму Евразиялык экономикалык коомдоштугу  менен бириккен жана иш жүзүндө жоюлган.

Мындан ары борборазиялык интеграция идеясы дайым актуалдуу болгондугуна карабастан, жаңы сунуштар региондо жакшы колдоого алынган эмес. Мисалы, 2005-жылы Казахстандын президенти Н. Назарбаев жаңы интеграциялык уюмду түзүү идеясын сунуштаган, бирок Өзбекстан эки тараптуу мамилени өнүктүрүү артыкчылыгын айтып, демилгени колдогон эмес.

Борборазиялык интеграциянын мурдагы баскычынын ийгиликке жетпей калышынын себептерин  талкуулоодо биринчи ирээтте 1990-2000-жж. аралыгында Борбордук Азиядагы интеграциялык идеялардын масштабдуулугу реалдуу экономикалык инструменттер менен бекемделбегендиги көңүлдү бурат. 

“Борборазиялык бешилик” жана интеграциянын жаңы баскычы

Көп тараптуу регионалдык кызматташууну кайра жаңыртуунун жаңы баскычы 2016-жылы Өзбекстанда бийликке Ш. Мирзиёевдин келиши менен жана  өлкөдөгү ал тарабынан демилгеленген масштабдуу реформаларга байланыштуу. Кошуналар менен кызматташуу Ташкенттин тышкы саясатынын артыкчылыктуу багыттары болуп калды, ушуга байланыштуу региондун мамлекеттери менен диалог кайра жанданган. Ошентип, 2018-жылы Астана шаарында (азыркы Нур-Султан) бардык борборазия мамлекеттеринин башчыларынын катышуусу менен (Түркменстандын президентинен башкасы, саммитке Парламенттин төрагасы Акжда Нурбердыева гана келген) биринчи консультациялык жолугушуусу болуп өттү. Бул окуя Борборазиялык кызматташуу уюму жөнөкөйлөтүлгөндөн кийинки, тышкы оюнчулар тарабынан демилгеленбеген, Борбордук Азия өлкөлөрүнүн бардык мамлекетеринин өкүлдөрүнүн биринчи жолугушуусу болду.

Саммитте регионго тиешелүү болгон актуалдуу  маселелер талкууланган: суу-энергетикалык көйгөйү, региондо коопсуздукту камсыз кылуу, соода-экономикалык кызматташтыкты жана региондун транспорттук-транзиттик потенциалын өнүктүрүү, ошондой эле маданий-гуманитардык багыттагы маселелер. Өлкө башчылары регион мамлекеттеринин ортосундагы кызматташтыктын акыркы жылда бекемделгендигин белгилешти жана ушул сыяктуу жолугушууларды жыл сайын өткөрүп турууга маулдашышты. 

Кийинки консультациялык жолугушуу 2019-жылдын 29-ноябрында Ташкентте болуп өттү. Саммитте региондогу кызматташтыкты жүргүзүүнүн бирдейлигин макулдашуунун маанилүүлүгү баса белгиленди. Ошондой эле узак жылдардан бери чечилбей келген маанилүү маселелер боюнча акыркы жылдарда макулдашууларга жетишүүлөр болгондугун белгилешти. Аталган саммитте соодалашуу жана экономикалык мамилелерге олуттуу көңүл бурулду, бул Ш. Мирзиёев тарабынан жүргүзүлүп жаткан ийгиликтүү реформалардын себебинен Өзбекстандын региондун мамлекеттери менен болгон товаралмашуусу акыркы жылдар аралыгында эки эседен ашык жогорулагандыгына, ал эми биргелешкен ишканалардын саны – төрт эсе жогорулагандыгына байланыштуу. Буга байланыштуу өзбек башчысы Ташкентте Борбордук Азия өлкөлөрүнүн Инвестициялык форумун түзүүнү, ошондой эле, Соода-өндүрүштүк палаталардын жетекчилеринин жолугушууларын жыл сайын өткөрүп турууну сунуштады. Региондогу коопсуздук маселесинин маанилүүлүгү, энергетика чөйрөсүндөгү кызматташтыкты өнүктүрүү, жана ошондой эле Борбордук Азиянын маданий-гуманитардык жана туристтик потенциалы өзгөчө белгиленди.

Ошондой эле Борбордук Азиянын транзиттик потенциа темасына, региондун ичинде транспорт системасын жакшыртууга өзгөчө көңүл бурулган, буга байланыштуу транспорттук коммуникациялар боюнча кеңешти түзүүнү тездетүү керектиги белгиленди. Казахстан региондун мамлекеттери ортосунда өз ара аракеттенүүнүн базалык принциптерин чагылдыра турган  “XXI кылымда Борбордук Азияны өнүктүрүү максатында ынак коңшулук жана кызматташтык жөнүндө келшимди” түзүү тууралуу идеяны киргизди. Мындан тышкары саясий кеңеш берүүчүлүк формасында тышкы иштер министрлеринин туруктуу жолугушууларын жана ошондой эле эксперттик жолугушууларды өткөрүү чечими кабыл алынган.

Кезектеги консультациялык кеңешме көрсөткөндөй, борборазия мамлекеттери регионалдык кызматташтыкты өнүктүрүүнү мындан ары да улантууга даяр. Азыркы күндө региондун келечеги жана Борбордук Азияга өз ара аракеттенүүнүн кандай формасы керектиги жөнүндө маселе бадан актуалдуу. Бирок, жаңы интеграциялык түзүмдөрдү түзүү жөнүндү сөз жок. Башкача айтканда бул жерде биз өз ара аркеттенүүнүн өсүшү жөнүндө жана да интеграция тууралуу айта алабыз, бирок өзүн өзү жокко чыгарган мурдагы масштабдуу интеграциялык долбоорлорсуз.

Мунун бир себеби – азыркы мезгилдеги орун алган өнүктүрүүнүн ар түрдүү моделдери жана дүйнөлүк экономикага борборазия өлкөлөрүнүн тартылышы. Мамлекеттер прагматикалык көз карашта жана реалдуу максаттарды коюшууда – көп тармактуу кызматташуу маселелери талкууланууда, анын ичинде экономикалык мамилелердин кеңешиши, транспорттук байланыштардын жакшыртылышы, бири-бири менен соодалашууга болгон тоскоолдуктарды жоюу. Бүгүнкү күндө өз ара кызыкчылык жана мамлекет башчыларынын регионалдык кызматташты алдыга өркөндөтүүгө саясий эрки бардыгы абдан маанилүү.

Белгилеп кетүүчү нерсе, дал ушул Тшкент- Нур-Султан багыты (бул жерде эки өнөктөш тең тең укуктуу болуп эсептелет жана европалык Германия – Фрнация тандемине бир аз окшошот) региондогу көп тармактуу кооперациянын өнүгүшүнүн негизги кыймылдаткыч күчү болот. Казакстан жана Өзбекстан демилгелеринин калыбында Борбордук Азиянын андан кичирээк мамлекеттери да иш жүргүзөт.

Дал ушул Ташкенттин жаңы ачык саясаты жана Ш.МИрзиёевдин реформалары региондогу “күчтөрдүн жайгашуусун” өзгөртүү жана интеграциялык процесстерди кайра жаңыртты, анткени Өзбекстан – региондун бардык мамлекеттери менен чектешкен жалгыз мамлекет. Бул жаатта алганда саммитти Өзбекстандын жаңы  президнетинин өзүнүн жеке чоң жетишкендиги катары эсептесек болот.

Казакстан өз кезегинде региондогу интеграция идеясын дайыма колдоп келген. Борборазиялык интеграцияны алдыга жылдыруу ишинде Н. Назарбаевдин сиңирген эмгегин баалоо иретинде Казахстандын биринчи президенти Ташкенттеги консультациялык жолугушуунун ардактуу төрагасы болуп шайланган. Өзбекстан Ш. Мирзиёевдин башкаруусунда региондун бардык мамлекеттери менен өз мамилесин өнүктүрүүгө  багыт алгандыктан бул багытта бир топ оң натыйжалуу өсүш күтүлүүдө.

Белгилеп кетүүчү нерсе, Борбордук Азия мамлекеттеринин өз ара аркеттенүүнүн өнүгүшүнүн азыркы баскычында бардык тышкы оюнчулар да кызыктар. Борборазия өлкөлөрүнүн ар биринин өз алдынча жана да “борборазия бешилиги” катарында позицияларынын бекемдеши улуу державалардын бирине да зыян алып келбейт. Борбордук Азиядагы кризистик абал эч кимге кереги жок (өзгөчө кошуна Афганистандагы улам күчөп жаткан көйгөйлөрдүн себебинде). Региондун мамлекеттеринин ортосунда кызматташтыкты жөнгө салуусуз андагы туруктуулукка жетишүү мүмкүн эмес. Россия үчүн бул региондо коопсуздуктун жана туруктуулуктун сакталышы өзгөчө маанилүү, өзгөчө эмгек мигранттарынын масштабдуу агымынын жана диний экстремизм жана терроризмдин жайылуу коркунучунун күчөшүнүн контексинде.

Россия менен Евробриримдиктин Борбордук Азиядагы инфраструктура багытындагы өз ара аркеттенишүүсү Украинага байланыштуу иш жүзүндө реалдуу эмес көрүнсө да, кызматташууга болгон үмүттөр бар. Анык болгон нерсе: Кытай эл республикасынын, Россиянын жана Евробиримдиктин жалпыга тиешелүү кызыкчылыгы бар – Кытвй – Европа транпорттук коридор боюнча инфраструктуранын өнүгүшү, бул коридор Россиянын аймагы боюнча өтөт жана Жибек жолунун Экономикалык бөлүгү болуп эсептелет. Бул Борбор Азия аркылуу өтүүчү (тактап айтканда Казахстан) жер бетиндеги коридор Жаңы жибек жолу катары белгилүү (Евразиялык кургактагы көпүрө).   

Пекин бул “көпүрөнү” түзүүгө олуттуу салымдарды төлөдү. Анын биринчи кесиндиси курулуп бүттү: бул жерде Хоргос чек аралык өтмөктүн аймагындагы Кытай менен Казахстанды бириктирүүчү темир жол бутагы жөнүндө сөз болуп жатат. Кытай, Евробиримдик, Россия аталган евразиялык тарнспорттук коридордун ийгиликтүү курулуп бүтүшү үчүн бири-бирине болгон катыш жана колдоого болгон өз ара көз карандылыкты улам барган сайын анык сезишүүдө.  

Жибек Жолунун Экономикалык алкагынын чегинде Борборазиялык регион аркылуу өтүүчү Кытай менен Европанын ортосундагы кургактагы коридор – бул Кытай – Борбор Азия коридору. Бирок ал Россияны айланып өтөт. Пекин бул коридордун курулушуна да инвестиция жасоодо.

Борбордук Азиядагы инфраструктуралык өз алдынча аракеттенүү Москва – Пекин багыты боюнча көбүрөөк ишке ашарлык көрүнөт. Көпчүлүк эксперттер белгилегендей, Россиянын Батыш менен Крым жана Украинадагы жаңжал үчүн болгон ааршылыг аны Чыгышка түрттү, анын ичинде – Кытайды көздөй. Эки өлкө ЕАЭБ менен Бир алкак – бир жол долбоорлорун    байланыштыруу жөнүндө макулдашуу аркылуу формалдуу түрдө жакындашты. Россия үчүн бул кадам Чоң евразиялык өнөктөштүк деп аталуучу долбоордун алкагына кирет, Россия аталган долбоорду ишке ашырууга аракеттенүүдө жана мында Бир алкак – бир жол долбоору интеграциялык демилгелердин бири катары белгиленет, жана бул долбоорлор биригип Европадан Азияга чейин экономикалык кызматташтык үчүн трансконтиненталдык мейкиндикти түзүүгө багытталган. 

Бирок, практика жүзүндөгү орус-кытай жакындашуусу жана жер жерлерде өз ара аркеттенүүсү боюнча алганда  ийгиликтер азырынча анча көп эмес. Белгилүү болгондой бул факт чуулгандуу жакындашуу бүгүнкү күндө негизинен расмий риториканын деңгээлинде гана болууда. Мындан тышкары, ЕАЭБдин чегинен тышкары кызматташууга саясий эркти жүзөгө ашыруу азырынча өтө жай ыргак менен жүрүүдө. Көпчүлүк убакта бул көрүнүш олуттуу инфрпструктуралык долбоорлорго инвестиция кылуу үчүн Москванын финансылык ресурстарынын жоктугу менен түшүндүрүлөт. Россиянын өзүнүн аймагында жалпысынан алганда Кытай менен болгон инфраструктуралык демилгелерди ишке ашыруунун жокко эселиги Москванын Пекин менен биргеликте борборазиялык долбоорлорго салым кошо алары күмөн туудурат.

Орус-кытай инфраструктуралык өз ара аракеттенишүүсү практикалык түрдө көп тармактуу институттардын (мисалы, Шанхай кызматташтык уюму)  алкагында, ошондой эле Жаңы өнүктүрүү банкы, Евразия өнүктүрүү банкы, Азиялык инфраструктуралык инвестициялар банкы сыяктуу уюмдардын каражаттары аркылуу жүзөгө ашырылуучу долбоорлорду бирге каржылоо аркылуу ишке ашары реалдуу. Бирок бул багытта да байкаларлык жылыштар жок. Аталган бардык банктар бири-бири менен өз ара түшүнүшүү жөнүндө меморандум түзүшөт, бирок конкреттүү долбоорлорду ишке ашырууга дагы да болсо кирише элек.

Эгер ушул сыяктуу бирге каржылоонун негизиндеги инфраструктуралык долбоорлор Борбордук Азияда ишке ашса, Россия биринчи ирээтте Евразиялык кургактагы көпүрөнүн курамына кирген демилгелерге артыкчылыктуу роль берет болушу керек, анткен себеби бул коридор анын аймагы боюнча өтөт. Ал эми Кытай – Борбордук Азия сыяктуу Россияны айланып өтүүчү долбоорлордун Москванын колдоосун алууга мүмкүндүгү аз.