Кыргызстан ЕАЭБге мүчө болгондогу мүмкүнчүлүктөрүн толук кандуу пайдаланалбай келет – деп эсептейт Евразиялык аналитикалык клубдун башчысы Никита Мендкович. Анын ою боюнча, кыргызстандыктар натыйжалуу иштөө менен алда канча көп пайда таба алышмак.
КРдин ЕАЭБде мүчө болгондугуна 4 жыл толду, буга карата мен евразиялык интеграциялык долбоордун жетишкендиктери (же кемчиликтери) жөнүндө эксперттерге гана эмес, жөнөкөй жарандарга да жеткиликтүү болгон терминдер менен түшүндүрүүнү сунуштайм.
ЕАЭБ жана мектептер
ЕАЭБдин негизги милдети – биримдмктин башка өлкөлөрүнүн аймагында товарлардын жана кызматтардын эркин сатылышына шарт түзүү. Өзүлөрүнүн товарларынын башка өлкөлөргө сатылышынын көрсөткүчүнүн жогорулашы кыргызстандык жарандардын кызыкчылыгында, анткени бул учурда алардын айлык акылары жогорулайт жана ошол товарларды чыгаруу боюнча кошумча жумуш орундарын түзүү мүмкүндүгү болот.
Жөнөкөй жана түшүнүктүү фактылар бар: 2015-жылы (ЕАЭБ түтзүлгөн жыл) Кыргызстан биримдик боюнча өнөктөштөрүнө 410, 2 миллион долларга, ал эми 2018-жылы – 640, 7 миллионго, башкача айтканда кошумча 230 миллионго (бир жылда) товар саткан.
Бул цифраны өтө чоң эмес шаардын мисалында карап көрөлү, мисалы Ош облусундагы Кара-Суу району. Алынган акча өлкөнүн бардык калкынын ортосунда тең бөлүштүрүлгөн шартта шаар жылына кошумча 640 миң доллар алышы керек эле. Эң жөнөкөй эсептегенде бул акчалар бир-эки мектепти же эки-үч бала-бакчасын курууга жетмек.
Реалдуу турмушта албетте өлекөгө келген акчалардын бардыгы мектеп жана жана бала бакча салууга жумшалбайт. Алардын кайсы бир бөлүгү өндүрүшкө, кайсы бир бөлүгү жашоонун башка чөйрөлөрүнө сарпталат. Ошентсе да, расмий бийликтин маалыматы боюнча, 4 жыл ичинде Ош облусунда 17 мектеп, 22 бала бакча ачылган. Эгерде региондогу авариялык абалдагы мектептердин санынын өсүшүн эске алсак, бул салымдар жок болгондо көпчүлүк калктуу конуштар окуу жайлары жок кала тургандыгы көрүнөт.
Бирок, кыйынчылыктарга карабастан, мектептерди куруу иштери жүргүзүлүп жатат. Жана бул багытта алганда ЕАЭБ боюнча өнөктөштөр менен соодалашуудан түшкөн “евразиялык акчалар” маанилүү ролду ойнойт.
Өкүнүчтүүсү иштеп табылган акчанын бөлүгү коррупциянын, салык төлөмдөрүнөн качуунун жана ишкерлер аркылуу чет өлкөлөргө чыгаруунун айынан өлкөгө ЕАЭБ аркылуу келүүдө, бирок көпчүлүк кыргызстандыктарга жетпейт. Башкача айтканда ал акчаларга жалпы эл үчүн мектеп эмес, бирөөнүн үйү курулууда же кымбат машина сатылып алынууда... Эгерде акчаларды бөлүштүрүү адилеттүү жана калыс болсо, облуста 40 мектеп курууга болор эле.
Бирок бул маселе ЕАЭБ органдарына тиешелүү эмес. Кыргызстан көз карандысыз мамлекет боюнча калууда, жана келип түшкөн акчаларды бөлүштүрүү маселелери менен евразиялык мекемелер эмес, бир гана өкмөт жана эл алектенет.
ЕАЭБ жана жумуш орундары
Ар бир адамга белгилүү болгондой сатылуучу товарлар асмандан түшпөйт. Аларды башка жактан алып келүү кайра сатуу керек, же өндүрүү керек. ал эми көп сатуу үчүн көп сандаган адамдардын көп иштөөсү талап кылынат.
2015-жылдын август айында Кыргызстан ЕАЭБге кирген мезгилде экономиканын “ак” секторунда 523 миң адам эмгектенген. 2019-жылы эмгек менен камсыз болуу 543 миң адамга жеткен, б.а. кошумча 20 миң жумуш орду түзүлгөн (көмүскө секторду эске албаганда). Көмүскө секторду эске алганда жумуш орду менен камсыз болгон адамдардын саны 50 миңге жетиши мүмкүн.
Өлкөдө жашаган кыргызстандыктардын өткөн жылдары жумушка орношуунун кошумча мүмкүнчүлүктөрүнө ээ болгондугу абдан маанилүү. Мисалга алсак, биримдиктин өлкөлөрүнө экпортко багытталган тигүү жана кездеме цехтери өсүүдө. 2013-жылдан бери бул тармак кризисте болуп келген, өндүрүштүн көлөмү төмөн болгон, бирок ЕАЭБге киргенден бери тапшырыктар көбөйдү, жумуш орундары түзүлө баштады.
Ошто, Кенен-Сай аймагында 2019-жылы 7 миң жумуш ордуна тигүү өндүрүшү ачылган. 2-17-жылы Токмокто 200 жумуш орду менен кездеме фабрикасы ачылган. Башка ишканалардын да түзүлгөнү белгилүү. Долбоорлордун негизги инвестору катары Орус-кыргыз өнүктүрүү фонду эсептелди, фонд Россиянын колдоосунун жардамы менен түзүлгөн. Эгерде ЕАЭБ 6 миллиондук Кыргыз Республикасынын рыногуна гана эмес, 180 миллион жараны бар бардык катышуучу-мамлекеттердин рыногуна кирүү мүмкүндүгүн берерин эске алганда, республика ошондой эле алыскы чет мамлекеттерден, анын ичинде Индиядан, Турциядан инвесторлорду тартат.
Түзүлүп жаткан ишканалар экспортко гана иштебейт, ошондой эле мекендештери үчүн да өнүмдөрдү өндүрөт. Расмий маалыматтар боюнча 2017-2018-жылдарга карата тигүү жана кездеме өнүмдөрүнүн көлөмү 29 пайызга өскөн. Бирок 50-80 пайыздык сектордо майда цехтер орун алган, алар көмүскө зонада иштешет жана сатистикага кошулбай келет. ошондуктан өндүрүштүн жогорулашы акыркы жылдарда алда канча көп.
Башка секторлор да өнүгүүдө. Бир гана 2018-жыл үчүн Кыргызстанда 10 өндүрүш ишканасы ачылган. Ошондой эле айыл чарбасы, тамак-аш өндүрүшү, транспорт жана айыл чарба өнүмдөрүнүн логистикасы жанданды.
ЕАЭБ жана эмгек мигранттары
ЕАЭБдин маанилүү илдеттеринин бири - жарандардын биримдиктин касы болбосун мамлекетинде эркин жумушка орношуусуна жетишүү. Кыргызстан калктын өтө тез өсүшүнө кабылууда, ал эми Россияда болсо жумушчу күчү жетишпейт. Кыргызстандыктар ЕАЭБдин мүчөлөрү катары Россия Федерациясында бир катар чектөөлөрдөн жана эмгек патентине төлөмдөрдөн бошотулат. Бул жагдай алардын өзү үчүн көбүрөөк акча табышына жана үй-бүлөсүнө которушуна мүмкүндүк берет.
Азыркы мезгилде кыргыз бийлигинин баалоосу боюнча Россияда 680 миңге жакын жаран эмгектенет. 2014-жылы, ЕАЭБге кошулганга чейин РФден Кыргызстанга 2 миллиард доллар которулган. 2018-жылы – 2,6 миллиард, б.а. болжол менен 600 миллионго көп акча которулган.
Бул каражаттар – калктын көпчүлүк күнүмдүк чыгымдарын төлөөнүн негизги булагы, анын ичинде бир катар керектөөчүлүк товарларды сатып алууда да. Бул каражаттар жок республика бир гана экономикалык кризис менен гана эмес, чыныгы гуманитардык кыйроого туш келмек.
Бирок, бул каражаттар ошондой эле келечекке болгон инвестиция. Көпчүлүк эмгек мигранттары өз мекенинде ишкердик кылуу үчүн акча топтошот. Автор Санкт-Петербургда өндүрүш альпинизми менен алектенген, келечекте өз мекенинде үй-бүлөлүк үлүштүн негизинде эң алдыңкы фермердик чарбаны ачуу боюнча олуттуу бизнес-план иштеп чыккан Ош обусунун жашоочусу менен тааныш. Бир нече жылдан кийин ал пландаган сумманы чогултушу керек жана Кыргызстанга кетүүнү пландоодо.
Жакынкы келечекте ЕАЭБдин башка өлкөлөрүнөн кайтып келген эмгек мигранттары республиканын жаңы жана прогрессивдүү ортоңку классын калыптандырууга негизги болушу мүмкүн.
Мындан да көп пайданы кантип алса болот?
Жыл сайын Кыргызстан ЕАЭБге мүчөлүккө байланышкан эң аз дегенде 3,3 миллиард доллар өлчөмүндө накта кирешелерди алат. Бул көрсөткүч 2019-жылга карата республиканын мамлекеттик бюджетинин киреше бөлүгүнөн бир жарым эсеге көп. Эгер алынган акча каражаттарын чогуу алганда жыл сайын түндүк-түштүк альтернативалык жолуна окшош төрт жолду салууга болмок.
Дал ушул акча каражаттарынын аркасы менен өндүрүш, билим берүү жана маданият чөйрөсүндөгү көпчүлүк долбоорлорду ишке ашыруу мүмкүн болду.
Албетте, бул сыяктуу чоң сумманы эч ким жалгыз өзү контролдой албайт. Ал Кыргызстандын экономикасына ар түрдүү булактар менен келет, бирок мамлекет жана банк системасы акча каражаттарынын максималдуу натыйжалуу “айланышына” шарт түзүшү керек. Акча каражаттары “желип” кетпей, талап кылынуучу өндүрүштү түзүүгө жана социалдык инфратүзүмдү өнүктүрүүгө пайдаланылышын, тың ишкелер аркылуу чет мамлекетке чыгарылып кетпөөсүнө көзөмөл жүргүзүүсү зарыл. Бирок бул маселе ЕАЭБдин көйгөйү эмес, бул ички саясаттын, укуктук тартиптин жана экономикалык стратегиянын маселеси.
2015-жылы республика Дүйнөлүк соода уюмуна кирүүдөн жана жеке өндүрүштүк көйгөйлөрдөн келип чыккан экономикалык туңгуюкка кабылган. Бул туңгуюктан чыгуунун бирден бир жолу олуттуу достук мамиледеги экономикалык биримдикке катышуу эле. Бул багыттагы реалдуу сунуш ЕАЭБге кирүү эле.
Азыр Кыргызстан биримдиктин мүмкүнчүлүктөрүн толук кандуу пайдаланбай жатат, мунун себеби биримдикке мүчөлүктүн алгачкы жылдарында көпчүлүк бийлик адамдарынын иш-аракеттеринин жоктугу. Өнүмдөрдү сырткы рынокко чыгаруу, бизнести жаңы мүмкүнчүлүктөр жана эрежелер менен тааныштыруу, сертификаттарды тариздөө жана инвесторлор менен иштөө менен байланышкан толгон токой суроолор дээрлик 2017-жылга чейин четке кагылып келген. Ошол эле айыл чарба товарларын экспорттоону камсыз кылуучу фитосанитардык лабораториялардын тармагы өтө узук мезгилде түзүлүп баштады, бирок бул долбоор ЕАЭБдин башка өлкөлөрүнүн финансылык жардамын алып турган.
Эч нерсе жасабаган адам гана ката кетирбейт деп туура айтылса керек. Евразиялык рыноктор үчүн күрөшүүдөн баш тартуу жана өзү менен өзү болуп обочолонуу – бул өнүгүүдөн баш тартуу, экономикалык өсүштүн токтошу жана жакырчылык.
Интеграция – демилгелүү жана эмгекчил адамдар үчүн жаңы мүмкүнчүлүктөрдү ачат.