Бишкек: чак түштө асманга ок аткан айдоочу кармалды

6 декабря 2019 Бишкек: чак түштө асманга ок аткан айдоочу кармалды

Окуянын күбөсү машинанын айдоочусу ачык айнектен курал алып чыгып, асманга атканын тартып алган. Видео интернетке тарап, милиция издөө жарыялаган.

Милиция чаламандын чак түшүндө асманга ок атты деген кишини кармаганын Бишкек ШИИБдин маалымат кызматынан билдиришти.

Окуя бүгүн саат 13.42де Чыңгыз Айтматов проспектиси менен Түштүк магистралдын кесилишинде болгон. 102 кызматына чалгандар Toyota Camry үлгүсүндөгү машинанын айдоочусу ачык айнектен курал алып чыгып, асманга атканын айтышкан.

Милиция мындай факты болгонун тастыктап, унаа үлпөт кортежине чыкканын билдирди. Бул Кылмыш-жаза кодексинин 266-беренеси ("Бейбаштык") боюнча Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине каттоого алынган.

"Эреже бузган адамга издөө жарыяланган. Натыйжада 1996-жылы туулган Д.М. аттуу жаран кармалды", — деп айтылат билдирмеде.

Учурда сотко чейинки өндүрүштүн алкагында тергөө иштери жүрүп жатат. Ошондой эле кармалган адамдан "МР-371" үлгүсүндөгү сигналдык тапанча алынган. Анын огу жок болгон.

sputnik.kg