Кыргызстандыктар 9 айда 100 млрд. сомдой насыя алды. Акча эмнеге жумшалды

6 декабря 2019 Кыргызстандыктар 9 айда 100 млрд. сомдой насыя алды. Акча эмнеге жумшалды

Ушул тапта Кыргызстан боюнча 25 коммерциялык банк жана 587 кредиттик компания иштейт. Алардын көбү Бишкек шаарында иш алып барат.

Ушул жылдын тогуз айында Кыргызстандагы банктар жана кредиттик компаниялар тарабынан дээрлик 106 миллиард сом насыя берилди. Бул туурасында маалыматты Улуттук статистика комитети жарыялады.

Анын ичинен 82 миллиардын банктар, 24 миллиард сомун кредиттик компаниялар камсыздаган.

Алынган насыялардын басымдуу бөлүгү соода чөйрөсүнө (кредиттердин жалпы көлөмүнүн 26,1 пайызы) жана айыл чарбасына (19,3 пайызы) жумшалды. Керектөө муктаждыктарына насыялар портфели 11,1 пайызды, ипотека 10,1 пайызды, курулуш 9,4 пайызды жана өнөр жай 8,2 пайызды түздү.

Аймактарга бөлүп айта турган болсок, эң көп насыя алгандар Бишкекте жашайт. Шаардыктар банктардын бардык насыяларынын 54 пайызын, кредиттик компаниялардын 27 пайызын алган. Ошондой эле активдүү зайымчылар Ош, Жалал-Абад, Чүй облустарында жана Ош шаарында.

Белгилей кетсек, ушул тапта Кыргызстан боюнча 25 коммерциялык банк жана 587 кредиттик компания иштейт.