Гепатит кантип жугат жана сактануу жолдору кандай? Министрлик жооп берет

6 декабря 2019 Гепатит кантип жугат жана сактануу жолдору кандай? Министрлик жооп берет

Чарчоо, оң жактагы кабырга астынын салмактанышы, табиттин жоголушу байкалаары менен В жана С гепатитине текшерилүү үчүн дарыгерге кайрылуу керек.

Вирустук гепатит — кеңири тараган жана айрыкча боорду жабыркатуучу коркунучтуу инфекциялык оору. Бул оорудан сактануунун жолдору тууралуу Саламаттык сактоо министрлиги маалымат таратты.

Вирустуу гепатиттин беш түрү бар, алар — А, В, С, Д жана Е.

Гепатиттин В, Д жана С вирустук түрүнүн кесепети оор болгондуктан, ден соолукка коркунучу чоң.

Гепатит кантип жугат?

ооруган, жуктуруп алган адамдын каны же биологиялык суюктугу дени соо (туруштук бере албаган) адамдын организмине келип түшкөндө;

ийне аркылуу баңгизат колдонуучулардын арасында жалпы шприц жана ийне пайдаланган учурда;

стерилденбеген аспаптар менен медициналык манипуляция жасаган учурларда, текшерүүдөн өткөрүлбөгөн кан жана анын компоненттерин башка адамга куйганда;

устара жана маникюр аспаптарын, тиш щёткаларын чогуу колдонгон учурда;

стерилденбеген аспаптар менен татуировка жасоо, ийне саюу, кулакты көзөтүүдө;

корголбогон жыныстык катнаш учурунда (кертмек капсыз). Капысынан болгон төшөк байланыштарына барган же жыныстык бир нече өнөктөшү бар адамдарда жугузуп алуу мүмкүнчүлүгү жогору.

Эске салсак, В жана С гепатитинин энеден балага жугуусу көп кездеше бербейт. Эгерде кош бойлуу аялда вирустун активдүү формасы болсо же кош бойлуулуктун акыркы айларында курч гепатит менен ооруган болсо коркунуч жогорулайт.

Оору кантип билинет?

Оорунун инкубациялык мезгили (жугузган учурдан тартып белгилери билингенге чейинки мезгил) 2 айдан 6 айга чейин созулат. В жана С гепатиттери курч жана өнөкөт формада өтүшү мүмкүн.

Гепатиттин белгилери төмөнкүлөр:

алсыроо, чарчоо;

табиттин жоголушу;

оң жактагы кабырга астынын салмактанышы жана оорутушу;

көңүл айлануу, кусуу;

дене табынын 38°С чейин жогорулашы;

боор жана көк боордун чоңоюшу;

көздүн агынын жана теринин саргайышы;

тамак сиңирүүнүн бузулушу;

заң түсүнүн агарышы;

зааранын күңүрт болушу.

Оору тууралуу билбей калышат

С гепатитинде дайыма эле саргаюу жана дене табынын жогорулашы байкала бербейт.

Оору катталган учурлардын 85 пайызында В жана С гепатити симптомдорсуз өтө тургандыгын белгилей кетүү маанилүү. Көптөгөн адамдар өздөрүнүн оорусу тууралуу билбейт жана айланасындагыларга жугузушу мүмкүн. Парентералдык вирустуу В, Д жана С гепатити лабораториялык изилдөөлөрдө гана аныкталат.

Кабырганын асты салмактанса...

В гепатитинин вирусу өзгөчө тышкы чөйрөдө туруктуу, вирус жогорку 132°С температурада гана өлөт. Эгерде гепатитти курч мезгилинде дарылабаса, ал өнөкөт түрүнө айланат. В жана С өнөкөт гепатиттери узак жана көп жылга созулуп, оор абалга — цирроз же боордун рагына өтүшү мүмкүн.

sputnik.kg