Дүйнөгө эң кеңири тараган фамилиялар белгилүү болду

6 декабря 2019 Дүйнөгө эң кеңири тараган фамилиялар белгилүү болду

Түрдүү улуттардын эл каттоо жана санжыра порталдарынан алынган маалыматтар жарыяланды.

Россиядагы эң белгилүү фамилия - Иванов, ал эми АКШда жана башка англис тилдүү элдерде (Канада, Британия, Австралия жана Жаңы Зеландияда) - Смит. буга NetCredit каржылык блогунун серепчилери жүргүзгөн изилдөө натйжалары далил боло алат.

Белгилей кетсек, Ивановдор Белорусия менен Болгарияда дагы басымдуу. Германия менен Швецарияда Мюллерлер (немис тилинен которгондо "тегирмен"), Австрияда - Грубер көп.

Азиядагы фамилияларга келе турган болсок, Сангапур менен Малазияда Тан, ал эми Кытайда Ван деген фамилия көп кездешет. Ким - Түндүк жана Түштүк Кореяда, Казакстан менен Өзбекстанда көп кездешет.    

Бизде Кыргызстанда Исмаиловдор көп экен.