Миллионердин уулу баңгизатка берилип кетип, 21 жыл көчөдө жашаган

6 декабря 2019 Миллионердин уулу баңгизатка берилип кетип, 21 жыл көчөдө жашаган

Англиянын Труро шаарынын Корноулл графтыгында жашаган миллионердин уулу баңгизатка берилип кетип, 21 жыл бою селсаяк болуп тентип жүргөн.

Райан Стаффьеф бай үй-бүлөдөн чыккан жана бала кезинде жеке менчик тектептен билим алган. Бирок, жашынан баштап марихуана чеге баштайт, кийин бангизаттардын бардык түрүн таты кетет. Ошентип, 20 жайында героинге толук көз каранды болуп калат. Ата-энеси бул жаман адаттан арылта албай коёт. Дарылоо эч кандай жыйынтык бербеген соң, ата-энеси акыры баласын үйдөкн кууп чыгат.

Райан 93 жолу соттолгон. Жакында ал мас абалында полициянын унаасына келип, укук коргоочулардан үйүнө жеткирип коюуну суранган.

Анын айтымында, убакыттын өтүшү менен көчөдө түнөөгө көнүп кеткен. Үйсүз жүргөн адам үчүн эң кыйыны – жамгырда суу болуп, кургак жер таппай кыйналганын мойнуна алган. Эми ал жакындары менен катташууну каалайт.

Учурда Райандын 10 жаштагы кызы бар, бирок экөө катышпайт. Кыздын энеси да баңгиликке берилип кетип, көз жумган. Азыркы учурда кыз Райандын ата-энеси менен турат.

Кызын көрүү үчүн атасы реабилитациядан өтүп жатат. Ал: :Өзүнчө чакан үйдө туруп, ит багып, унаа айдагым келет”, - дейт. Толук дарыланып бүткөндөн кийин үйсүз жүргөндөргө жардам берип жашаганды кыялданат.