Айылды мындай коюп, борбор шаардын кайсы бурчунда болбосун, адамдар бири-биринин кыжырын келтире турган кылыктарды жасашат. Бүгүн ошолорду тизмектеп көрөлү.
1. Коомдук транспортто баратканда, өзгөчө оор жумуш күнүнөн кийин, эл толгон унаада баратканда жыныңда турган адам чылкылдатып сагыз чайнап жатканы кулактын кужурун алат. Дал ошол адамдарга “чаймаңдаган”, “чалпылдаган”, “шалпылдаган” деген сөздөрдү кошуп айтса болобу, же “төө” десек жарашабы?
2. Мындан тышкары, көчөдө эл менен сүйлөшүп баратканда кээ бир адамдар кусачка менен турмагын алып убара болушат. Же ага жанындагы адамдар “ай, үйдө эмне иш кылдың эле?” деп айта алышсачы. Жок айтышпайт, анткени аларда ошентишет да... Же болбосо, же жумуш орунунда отуруп алып турмактарын ары-бери секиртип алышкандар бар. Анан ошол эле жерде тамактанышат.
3. Жол бойлоп баратсаң эле бет маңдай келе жаткан адам оозуна какырыгын чогултуп туруп, ушундай жагымсыз үн менен түкүрөт дейсиң. Мындай адамдарга аалам тегиз, тообу, талаабы, шаардын асфальт төшөлгөн жолубу, жанында киши барбы, жокпу баары бир.
4. Дагы бир адамдардын тобу бар – алар мурдун чукугандар. Тим эле сөөмөйүн жарымына чейин мурдуна тыгып алып, айландырышат... ал жактан эч нерсе калтырбай, баарын “казып” түшүшөт. Бирок, ал да аз көрүнөп, кайра-кайра казышат го, чиркин! Же мурдунда кат-кат болгон “көң” түгөнсөчү.
5. Булардын катарын коомдун унаада баратып телефон же жанындагы адамдар менен сүйлөшкөндөр толуктайт. Сөзгө берилип кеткендери кайда жүргөндөрүн унутуп калып, бир эмес, бир нече үй-бүлөнүн, ишкананын сырын айрандай төгүшөт.
6. Анан дагы автобустарга, маршруттарга рюкзактарын чечпей чыгып алгандар бар го? Мына ушулардын чоңу да, кичинеси да ушунчалык кыжырды келтирет. Кыжыр келтирмек турсун, тоскоол болот. Биринчиден, баштыктарын бирөө аңтарып кетсе не болот? Экинчиден, алар эл тыгылган унаада ары же бери өтө албай, өздөрү эле кыйналышат. Эгер сен дагы рюкзагыңды элден бийик көрүп, коомдук унаада баштыгыңды чечпей жүрсөң, чечип алчы, байболгур...