Шектүү катары кармалган инспектор буга чейин да жүрөгү ооруп калаадагы ооруканалардын биринде дарыланып чыккан.
Ноокат районунда 5000 сом пара алып жаткан жеринен кармалган Жол кыймылы коопсуздугун камсыздоо бөлүмүнүн инспектору З.К. сурак учурунда абалы начарлап ооруканага жаткырылды. Бул маалыматты Ош облустук ЖКККБнын өкүлү Алтынбек Теңизбаев билдирди.
Анын айтымында, шектүү катары кармалган инспектор буга чейин жүрөгү ооруп калаадагы ооруканалардын биринде дарыланып чыккан.
"Инспектор сурак берип жаткан маалда абалы кескин начарлаган. Натыйжада Тез жардам кызматы чакыртылып шаардагы ооруканалардын биринин Кардиология бөлүмүнө жеткирилген. Дарылануусун улантып жатат", — деди Теңизбаев.
Белгилей кетсек, кечээ, 3-декабрда, ыкчам-тергөө аракеттеринин алкагында милициянын старшинасы К.З. 5000 сом пара алып жаткан жеринен колго түшкөн.
Аталган факты Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине Жазык кодексинин 326-беренеси («Пара талап кылуу») боюнча каттоого алынган.