Бишкекте жүргөн өзгөчө автоунаа көпчүлүктүн көңүлүн бурду

5 декабря 2019 Бишкекте жүргөн өзгөчө автоунаа көпчүлүктүн көңүлүн бурду

Автоунаа Кыргызстанга 1996-жылы алып келинген. Андан бери төрт жолу каттоого алынган, башкача айтканда, төрт киши сатып алган.

Бишкектин тургундары өзгөчө автоунаага күбө болуп, сүрөтүн Sputnik Кыргызстан агенттигине жиберишти.

Автоунаа жол тандабастардай бийик, спойлери бар. Күбө айдоочунун артынан жетүүгө аракет кылып, бирок жетпей койгонун билдирди.

Carсheck сайтындагы маалымат боюнча, анын маркасы ЛУАЗ 969 М деп көрсөтүлгөн. Автоунаа Кыргызстанга 1996-жылы алып келинген. Андан бери төрт жолу каттоого алынган. Акыркы жолу 2016-жылы майда катталган.

Кыймылдаткычынын күчү 900 куб сантиметрди түзөт. Айып пулдарды аныктаган сайттагы маалымат боюнча машина жол эрежелерин бузган эмес.

sputnik.kg