Жаңы айдоочулук күбөлүк качан берилери маалым болду

5 декабря 2019 Жаңы айдоочулук күбөлүк качан берилери маалым болду

Жаңы күбөлүктүн баасы 100 сом 86 тыйын болот. Буга чейин эски айдоочулук күбөлүктөрдүн баасы 12 евро же 920 сомду түзүп келген.

Кыргызстанда жаңы үлгүдөгү айдоочулук күбөлүктөр кийинки жуманын башында, тагыраагы, 9-декабрдан тарта бериле баштайт. Бул тууралуу Мамлекеттик каттоо кызматынын маалымат катчысы Адилет Бейшеналиев билдирди.

Эске салсак, быйыл июнь айынан тарта Мамлекеттик каттоо кызматы айдоочулук күбөлүк бербей калган. Себебин эски үлгүдөгү бланктар жок калды деп түшүндүргөн. Ал эми жаңысы басыла элек болчу. Айдоочулук күбөлүктүн жаңы үлгүсү басылып чыкканга чейин ордуна убактылуу бланк берилип келген. Ал 2019-жылдын 31-декабрына чейин гана жарактуу болуп саналат.

Негизи мамлекеттик каттоо кызматы жаңы үлгүдөгү айдоочулук күбөлүктөр 1-октябрда берилерин айткан. Андан кийин ал мөөнөт ноябрдын ортосуна жылып отуруп, декабрдын башына калган.

Мамкаттоо кызматынын маалымат катчысы Адилет Бейшеналиев жаңы үлгүдөгү айдоочулук күбөлүктөр даяр болуп калганын билдирди.

"Кыргызстанга жаңы үлгүдөгү айдоочулук күбөлүктөрдүн бланктарын ушул аптанын аягында, 6-декабрда, Казакстандан келет. Негизи айдоочулук күбөлүк жасоо боюнча тендерди эки лот менен жарыялаганбыз. Биринчи лот — улуттук үлгүдөгү айдоочулук күбөлүктөрдү жасоо боюнча тендерди Казакстандын улуттук банкына караштуу "Банкнотная фабрика" деген ишкана утуп алган. Бланк ушу жуманын аягында келет. 9-декарбрдан тарта айдоочулар "Унаа" башкармалыгына кайрылып, убактылуу бланктарын алмаштырып, жаңы айдоочулук күбөлүктөрүн ала баштаса болот. Негизи убактылуу бланктар 31-декабрга чейин жарактуу. Экинчи лот — эл аралык үлгүдөгү айдоочулук күбөлүктөрдү жасоо. Ал тендерди мамлекеттик "Гознак" ишканасы жеңген. Эл аралык үлгүдөгү айдоочулук күбөлүктөр даяр, каалоочуларга берилип жатат", — деди Бейшеналиев.

Ал жаңы үлгүдөгү айдоочулук күбөлүктөрдүн жасалгасы жакшырып, сапаты да мыкты болорун кошумчалады. Жалпысынан алганда жаңы документте 20дан ашык коргоо элементтери камтылган.

Жаңы күбөлүктүн баасы 100 сом 86 тыйын болот. Буга чейин эски айдоочулук күбөлүктөрдүн баасы 12 евро же 920 сомду түзүп келген.

sputnik.kg