Алматылык дарыгерлер баланын боорунан 160 даана мите курт алышты

5 декабря 2019 Алматылык дарыгерлер баланын боорунан 160 даана мите курт алышты

Алматыда Санжар Асфендияров атындагы Казак улуттук медициналык университетинин окумуштуулары Аксай балдар клиникасынын базасында эхинококкоздон арылтуу операциясын жасашты. Текшерүү учурунда мите курттар табылган.

Бала биринчи жолу ооруканага 2019-жылы май айында түшүп, ооруганына даттанганда, он эки эли ичегисин алып ташташкан. Дарыгерлер ичи ооруган баланын ультра добушунда тыңдап көрүшкөн. Андан кийин дарыгерлер ьир нече кистаны аныкташат.

Ал эми август айында МРТ жасалган. Диагноз аныкталып, көптөгөн кисталар табылган. Ушундан кийин баланы Аксай балдар клиниксына жиберишет. Бала ооруканага жалпы алсыздык жана интоксикация белгилери менен түшкөн.

Ноябрь айында балага операция жасалат. Баланын ич көңдөйүндө боорго өтө жакын жайгашкан чоң кистаны (15×12×13 сантиметр), боордун беш сегментинде эхинококктуу кистаны аныкташкан.

Кисталардын диаметри 1 сантиметрден 15 сантиметрге чейин эле. Баланын боорунан 160 курт чыккан.