Тажикстандыктар Орусиядагы туугандары жөнөткөн акчаларды ала албай жатышат

4 декабря 2019 Тажикстандыктар Орусиядагы туугандары жөнөткөн акчаларды ала албай жатышат

Тажикстанда жүздөгөн адам Орусиядагы жакындары жөнөткөн акчаларды ала албай жатышат. Бул маалыматты Тажикстандагы ири банктар ырасташты.

Маалыматка караганда, жарандар Western Union, Contact, «Золотая корона» жана MoneyGram системалары аркылуу жөнөтүлгөн акчаларды алууда кыйынчылыктарга кабылып жатышат. Банк кызматкерлеринин айтымында, учурда «Юнистрим» системасы гана иштеп жатат. Банктардын бири Contact системасы аркылуу которулган акчаларды алууга мүмкүн экенин билдирди.

Тажикстанда 3-декабрдан тарта улуттук акча которуу системасы иштей баштаган. Эми эл аралык төлөм системалары Тажикстандын Улуттук банкында атайын эсеп ачып, анда каражат болгондо гана улуттук акча которуу системасы аркылуу операцияларды ишке ашыра алышат.

Тажикстандын Улуттук банкы 3-декабрдан тарта акча которуулар жаңы эрежелер менен иштөөгө макул болгон «Юнистрим» жана Contact системалары аркылуу аткарыларын билдирген.

Буга чейин орусиялык адистер Тажикстандагы жаңы талаптар Орусия мыйзамдарынын бир катар жоболоруна каршы келерин, мындан улам төлөм системалары аларды аткара албай тургандыгын билдиришкен.

Учурда Орусияда 1 миллионго жакын тажик жараны иштейт. Тажикстан Улуттук банкы жүргүзгөн иликтөөгө ылайык, тажикстандык үй-бүлөлөрдүн 70 пайызга жакыны эмгек мигранттары которгон акчанын эсебинен күн кечирет. 2019-жылдын тогуз айында мигранттар Тажикстанга 2 миллиард 490 миллион доллардан ашык акча жөнөтүшкөн.