2000 сомдук жасалма купюра менен соода кылгандар кармалды

4 декабря 2019 2000 сомдук жасалма купюра менен соода кылгандар кармалды

Токтогул районунун тургундары бир нече жигит соода жайларында жасалма акча менен соода кылып жүргөнүн айтып арызданышкан.

Милиция 2000 сом номиналындагы банкнотаны жасаган деген шек менен Токтогул районунун тургундарын кармады. Бул тууралуу Жалал-Абад облустук милициясынан кабарлашты.

27-28-ноябрда бир нече жигит соода жайларынан 200-500 сомго соода кылып, 2000 сомдук жасалма купюраларды бергенин айтып, милицияга кайрылышкан.

Кылмышка шектүү катары 18 жаштагы Т.К. менен шериги болушу мүмкүн деп эки бала дагы кармалган. Алардын жанынан 2000 сомдук жасалма акчаларды табышкан. Т.К. камакка алынып, башка шектүүлөр үйүнө коё берилген.

Аталган факты Кылмыш жана жоруктардын бирдиктүү реестрине Кылмыш-жаза кодексинин 225-беренеси ("Акчаны же баалуу кагазды жасалмалоо") боюнча катталган.

sputnik.kg