Бишкекте эки кабаттуу үйдөн өрт чыгып, беш адам күйүк алды

3 декабря 2019 Бишкекте эки кабаттуу үйдөн өрт чыгып, беш адам күйүк алды

Бишкектин Ленин районундагы Стаханов көчөсүндө жайгашкан эки кабаттуу турак үйдөн өрт чыккан. Натыйжада үйдүн №19 жана №20 батирлеринин 90 чарчы метр чатыры, үй буюмдары жана кийимдер күйгөн. Бул тууралуу КР Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин (ӨКМ) басма сөз кызматы билдирди.

Ведомствонун маалыматына караганда, өрттүн кесепетинен беш адам күйүк алган.

Алар: 1975-жылы туулган Б. кызы А. (түтүнгө ууланган), 1965-жылы туулган С.А. (бети жана колунан III даражадагы күйүк алган), 1962-жылы туулган С.Н. (колунан күйүк алган, түтүнгө ууланган), 2012-жылы туулган А.К. жана 2016-жылы туулган С. кызы А. (түтүнгө ууланган).

Жабыркагандар тез жардам кызматы аркылуу Бишкек шаардык №4 жана №3 ооруканаларына жеткирилген. Азыркы учурда абалдары туруктуу экендиги кабарланды.

Өрттүн келип чыгуу себеби такталууда.