Мырзалар эмне үчүн төшөк кумарына бата албай алсыз болуп калышат?

3 декабря 2019 Мырзалар эмне үчүн төшөк кумарына бата албай алсыз болуп калышат?

Бардык эле мырзалар жубайы үчүн төшөктө эң мыкты болушун каалайт. Ал эми кээ бири белгисиз жагдайларга байланыштуу төшөктө алсыздыкка кабылышат. Буга кабатыр болуунун кажети жок. Анткени, алсыздыктын себебин аныктап, аны жок кылгандан кийин баары калыбына келет.

Статистика көрсөткөндөй, мырзалардын 40 пайызга жакыны алсыздыкты организмдин физиологиялык өзгөчөлүгүнө байланыштырышат. Дагы 40 пайызы жубайын күнөөлүү деп эсептейт, ал 20 пайызы мындай абал кокусунан пайда болду деп түшүнөт.

1.Сезимдин жоктугу

Чыныгы мырзанын төшөктө күчтүү болушу үчүн эч кандай сезимдин кереги жок деген жаңылыштык. Түгөйлөрдүн экөөндө тең бири-бирине болгон сүйүү сезими, каалоосу болушу керек. Эгерде түгөйлөрдүн биринде мындай сезим жок болсо, анда экөө тең оңойчулук менен ырахатка батышпайт.

2.Алгачкы ийгиликсиз түн

Алгачкы жолу жыныстык катнашка барганда кандайдыр бир жагымсыз абалга кабылса, кийинчерээк алсыздыкка алып келет. Анткени, биринчи ийгиликсиз түндү эстеп, стресске кабылат. Стресстен пайда болгон карышуу жыныстык мүчөдөгү кан айланууну начарлатат. Анын негизинде ырахатка бата албай калат.

3.Физиологиялык убактылуу көйгөйлөр

Мырзалардын жашоосунда кээ бир учурда органимздин катуу чыңалышынан улам чарчап-чаалыгуу пайда болот. Мындай учур төшөктөгү алсыздыкка себеп болот.

4.Биоритмдин дал келбөөсү

Эгерде түгөйлөрдүн биоритми дал келбесе дагы сексуалдык маанайга терс таасирин тийгизет. Маселен, бири уйкучу, экинчиси эрте ойгонсо ар биринде кыжырдануу сезими пайда болот. Жыйынтыгында ар кимиси өздөрү каалаган маалда төшөк кумарына батууга аракет жасашат, бирок ал ийгиликсиз болот.

5.Каалоонун жоктугу

Мындай сезим көпчүлүк учурда айымдарда көп кездешет. Эгерде жубайыңыз каалабаса анын эркине каршы талаптагыдай төшөк кумарына бата албайсыз. Сексуалдык катнашка жийиркенүү сезими от алат.

6.Аноргазмия

Бул өтө коркунучтуу көйгөй. Патология болуп эсептелет. Көпчүлүк мырзалар муну моюнга алгылары келбейт, андыктан адиске барышпайт. Аталган патологиянын бир нече себеби бар:

-эндокриндик— кант диабети жана ашыкча салмактуулук;

-алкоголизм — эрогендүү зоналардын сезимталдуулугун жоготот;

-психикалык — интимдик катнаш өз күткөнүндөй болбой калат;

-онкология — оргазмга жетүүдө олуттуу таасирин тийгизет.