Аракечтикке каршы күрөшүүнүн жолу табылды

2 декабря 2019 Аракечтикке каршы күрөшүүнүн жолу табылды

Окумуштуулар ууртап-татып жүргөн 90 кишиге эксперимент жүргүзгөн. Алар болжол менен жумасына 6 литрдей алкоголь ичишкен.

Кетамин препаратын бир жолу колдонуу спирт ичимдиктерин ичүү каалоосун бир кыйла азайтат. Мындай бүтүмгө Лондон колледжинин алдындагы университеттин адистери келишкенин MedicalXpress басылмасы жазды.

Окумуштуулар ууртап-татып жүргөн 90 кишиге эксперимент жүргүзгөн. Алар болжол менен жумасына 6 литрдей алькоголь ичишкен. Бул көрсөткүч белгиленген нормадан 5 эсе көп.

Илимпоздор алгач кишилерге бир стакан сыра берип, аны тапшырманы аткаргандан кийин гана ичүүнү сунушташкан. Экинчи күнү катышуучуларга алькоголь ичүүгө тыюу салышкан. Ал эми үчүнчү күнү каалоочуларга кетамин сайышкан.

Он күнгө созулган иликтөөдө ыктыярчыларда арак ичүү каалоосу бир кыйла азайганы байкалган. Бул таасир дээрлик он айга чейин сакталган. Окумуштуулар бул изилдөө эксперименталдык гана экенин эскертип, дагы тажрыйба жүргүзүү керектигин белгилешет.

sputnik.kg