Презерватив тууралуу 7 миф

29 ноября 2019 Презерватив тууралуу 7 миф

Сактануучу каражаттардын ичинен эң белгилүүсү – презерватив. Презерватив тууралуу көптөгөн мифтер айтылып жүрөт. Кээ бирлер аларга ишенип, өзүнүн жана өнөктөшүнүн ден соолугун тобокелге салышат. Биз бүгүн кеңери тараган мифтерди карап чыгабыз.

1. Презерватив менен сексте ырахат ала албайсың

Дагы деле презерватив менен эч нерсе сезбейсиң деген ойдосуңбу? Бир кезде ошондой болгондур, бирок азыркы заманбап презервативдер абдан жука жана секс учурундагы сезимге таасирин тийгизет албайт. Америкалык окумуштуу Рэйган МакДональд-Моузли изилдөөнүн негизинде перзерватив колдонгондор да, колдонбогондор да секстен бирдей ыхарат ала алышарын айткан.

2. Презерватив ишенимсиз

Бүгүнкү күндө андан да ишенимдүү сактануу каражаты ойлонуп табыла элек. Келипдиги 98%ды түзөт.

3. Презерватив 100% ишенимдүү каражат

Тилекке каршы, толук ишенимдүү каражат эмес. Бирок, 98% деле абдан жакшы көрсөткүч.

4. Оралдык сексте презервативдин кереги жок

Бул каражат бойго бүтүп калуудан тышкары, бардык жаман оррулардан сактайт. Мисалы, жугуштуу герпестен же адамдын папиллома вирусунан. Ошондуктан, адистер презервативдик оралдык сексте дагы олдонууну сунуш кылышат.

5. Бирөөгө караганда эки презерватив ишенимдүүрөк

Эгер эки презерватив кийип алып иш баштаса, процесс учурунда алар бири-бирине өйкөлүшүп, жыртылып кетүү коркунучу жогорулайт. Сапаттуу бир эле презерватив жетиштүү.

6. Кээ бир жыныс мүчөлөргө презерватив батпайт

Пенис өтө чоң болушу мүмкүн эмес, өлчөмү туура эмес тандалып алынышы мүмкүн. Бул каражат өтө чоюлчаак болот, чоң өлчөмдөрү 45 см чейин чоюлушу мүмкүн.

7. Презервативдин өлчөмү мааниге ээ эмес

Чынында чоң мааниге ээ. Өтө чоңу шыпырыла берет, кичинекейи айрылып кетет. Анын өлчөмү пенистин узундугу жана жоондугу менен аныкталат. Түрдүү өлчөмдөгү презервативдер сатылат: эң кичинекейи S (жоондугу 3−4 см), эң чоңу XXXL (пенистин баш жагы 6,2 см жана негизи 5 см).

Сен дагы кандай мифтерди билесиң?