Бирин алсаң, экинчисин бекер берем: жаңы төрөлгөн балдарын сатыкка койгон адам издештирилүүлө

28 ноября 2019 Бирин алсаң, экинчисин бекер берем: жаңы төрөлгөн балдарын сатыкка койгон адам издештирилүүлө

АКШнын Флорида штатынын полиция кызматкерлери сайт аркылуу жаңы туулган баласын 500 долларга сатмакчы болгон тургунду иштештирүүдө.

“Жаңы туулган наристе сатылат. Баасы 500 доллар. Балага эки апта болду. Түндө тынч уктайт, эч кимдин жинине тийбейт. Балага сүт ашы менен кийим кечеси кошо берилет. Буга кошо наристенин 4 жаштагы эжесин да беребиз”, - деген маалымат 22-ноябрда жарык көргөн.

Буга кошо маалыматтын автору өзүн “бала тарбиялагысы келбегени үчүн жазага тартылгысы келбейт” экендигин билдирген.

Азыркы учурда бул маалымат интернеттен өчүрүлгөн. Полиция кызматкерлери анын авторун издештирип, териштирүү иштерин жүргүзүүдө. Ишке катышы бар деген шек менен бир аял кармалган, бирок күнөөнү мойнуна алган эмес.

Полиция маалыматтын авторун IP-дареги боюнча табууну болжошкон. Бирок, ал дарек менен барганда оокат-аштуу, тынч өмүргөн адам жашайт экендиги аныкталган.