Россия КРге эки тик учак жана абада коргонуу техникасын берди

28 ноября 2019 Россия КРге эки тик учак жана абада коргонуу техникасын берди

Россиянын Коргоо министрлиги Кыргызстанга ушул жылдын апрель айында дагы МИ-8МТ үлгүсүндөгү эки тик учак жана сооттолгон атайын унааларды берген эле.

Россия Кыргызстанга эки МИ-8МТ тик учагын жана П-18 радиолокациялык станциясын белек кылды. Техникаларды тапшыруу аземи КР Куралдуу күчтөрүнүн Абадан коргонуу бөлүгүнүн Кант шаарындагы авиатехникалык аймагында өттү.

Аскердик жардамды Россиянын Коргоо министрлиги жеткирип берди.

Иш-чарага Кыргызстандын Генералдык штабынын башчысынын орун басары Нурлан Чомоев менен Россиянын коргоо министринин орун басары Александр Фомин катышты.

"Аскердик-техникалык кызматташтык — учурда тез өнүгүп бара жаткан тармактардын бири. Коопсуздукту биргеликте камсыз кылуу кызматташтыгыбыздын артыкчылыктуу бөлүгү бойдон кала берет", — деди Чомоев.

П-18 радиолокациялык станциясы келе жаткан аба кемесин көрүп, коштоп жана анын кайсы мамлекетке тиешелүү экенин аныктай алат.

МИ-8МТ тик учагы жөө аскерлердин ишин жакшыртып, асмандан ок атууга жөндөмдүү. Ошондой эле куралдарды, медициналык каражаттарды жана жарадарларды ташыйт.

sputnik.kg