Чихуахуа ээсинин унаасын айдап кеткен

28 ноября 2019 Чихуахуа ээсинин унаасын айдап кеткен

Американын Слайделл шаарынын тургуну унаасы менен май куюучу жайга келип токтогон кезде, унаада калган чихуахуа өз алдынча унааны айдып кеткен.

Окуя 22-ноябрь күнү болгон. Жубайлар май куюп алуу үчүн май куюучу жайга келип токтошуп, чыгып кеткен учурда алардын кичинекей иттери арткы кыймылдаткычты кошуп, унааны айдап кетишкен.

Ит рулда отурган унаа 4 көчө өтүп барып, кийинки май куюучу жайга келип токтогон. Унааны токтотмокчу болгон ээсинин бири жаракат алган. Бирок, жүрүп бараткан унаа башка унаалар менен кагышкан эмес.