Окумуштуулар: 2050-жылга карата сокур адамдардын саны 3 эсеге жогорулайт

27 ноября 2019 Окумуштуулар: 2050-жылга карата сокур адамдардын саны 3 эсеге жогорулайт

Азыр дүйнөдө сокур адамдардын саны 36 млн. 2050-жылга карата алардын саны 115 миллионго жетиши мүмкүн.

Айрыкча улгайган адамдардын көзү көрбөй калат. Дүйнөдө көзү начар көргөн адамдардын көбү Түштүк Азия менен Африканын субэкватордук аймактарында жашашат.

Азыркы учурда көзү начар көргөн адамдардын саны төмөндөп жатат. Ошентсе да, окумуштуулар көзү көрбөгөндөрдүн саны барган сайын өсө бере турганын айтышат.

188 өлкөдөн алынган натыйжалар боюнча, дүйнөдө 200 млн адам көздүн көрүүсүнөн азап тартышат.

2050-жылга карата бул көрсөткүч 550 млнго жетет.

“Көзү бир аз болсо да начар көргөн адамдар көп нерседен кыйналышат. Мисалы, алар унаа айдай алышпайт”, - дейт профессор Руперт Бурн.

Изилдөөнүн авторлору көз ооруларын дарылоо менен профилактикага көп каражат бөлүү керектигин айтышат.

Алып карай турган болсок, дүйнөдө көздүн көрүүсүнөн жапа чеккендер төмөнкүдөй тартипте жайгашкан:

Түштүк Азия – 11,7 млн, Чыгыш Азия – 6,2 млн, Түштүк-Чыгыш Азия – 3,5 млн, Африка калкынын 4 пайызы, Батыш европа өлкөлөрүндө калктын 0,5 пайызын түзөт.