Кош бойлуу кезинде жыныстык катнаштан баш тарткандар аялдар 6 ката кетиришет

26 ноября 2019 Кош бойлуу кезинде жыныстык катнаштан баш тарткандар аялдар 6 ката кетиришет

Кош бойлуулук – оору эмес. Андыктан, курсактагы баланы “дарт” катары кабыл алып, жөнү жок өзүңүздү чектей бербеңиз. Дал ушул мезгилде жыныстык катнаштын 6 пайдасын көрө аласыз.

Маанайды көтөрөт

Кош бойлуу болбосо да, эгер аялдын түнү “ысык” өткөн болсо, эртең менен маанайы ачык болот. Ошол сыяктуу, кош бойлуу кезинде аялдарга маанайын бир калыпта кармап жүрүүнү дарыгерлер сунуштайт. Эгер аял өзүн бактылуу сезсе, курсактагы балага да пайдалуу. Бул аркылуу аял өзүнүн гормондук системасын бир калыпта калып турат. Жыныстык катнаштан баш тартсаңыз, эки-үч күнгө созула турган көтөрүңкү маанайдан айрыласыз. Кабагыңыз салынып, чайыттай күн да таасир бербейт.

Мурункудан да сезимтал болуп калат

Бала боюна бүткөн аялдын денеси менен физиологиясы өзгөрөт. Жыныс кыны тарып, клитор чоңоё түшөт. Жамбашка карай кан агымы күч алат. Муну аял жыныстык катнаштан мурункудан да жакшы ырахат ала, оргазмга жетүү оңой болот деп түшүнсө болот. Оргазм учурунда бөлүнө турган “бакыт гормону” курсактагы балага да жакшы таасир этет. Ушул мүмкүндүктү колдон чыгарбаңыз.

Сактануунун кереги жок

Жүктүү кезде сактанунун кереги жок. Мында ая да, эркек да эркин болот. Мына ошондо аялдар болуп көрбөгөндөй оргазмга бата алышат.

Төрөт жеңил болот

Жүктүү аялдар үчүн эркектик уруктун пайдасы көп. Эркектик гормондор, ферменттер жана сперманун курамындагы заттар жатын моюнчасын жумшартып, бошонуу кезинде эркин ачылуусуна көмөктөшөт. Мындан улам, төрөт учурунда жатын мойну жабыркабайт. Төрөт жеңил өтсүн десеңиз, жыныстык катнаштан деги баш тартпаңыз.

Төрөткө даярдайт

Оргазм кезинде бөлүнө турган окситоцин гормону кош бойлуулуктун акыркы күндөрү көп жардам берет. Бул зат жатындын начар жыйрылуусуна таасир этет. Бул бошонууга даярдык, жатын алсызданып, акырындап толгоо башталат.

Толгоону чакырат

Эгер курсактагы бала жетилип, төрөт убакытынан өтүп баратса, буга жыныстык катнаш жакшы жардамм берет. Бул учурда дарыгерлер да жыныштык кошулууну сунушташат. Болгондо да презервативсиз сошулуу керек. Себеби, сперманын курамындагы простогландин заты ачылбай жаткан жатын мюнчасын жумшартып, төрөткө түз таасир тийгизет.

Эскертүү! Эгер дарыгерлер белгилегендей, кош бойлуулукка кооптуу шарт жаралса, анда жыныстык катнаштан убактылуу баш тарткан дурус.