Биринчи баласын 30 жаштан өтүп төрөгөн айымдар көп жашашат

26 ноября 2019 Биринчи баласын 30 жаштан өтүп төрөгөн айымдар көп жашашат

Португалиянын окумуштуулары тунгуч наристесин 30 жаштан өткөндөн кийин төрөгөн аялдар көп жашай турганын маалымдашты.

Окумуштуулар бойго бүтүрүү мөөнөтүн жылдыруу тууралуу чечимди кабыл алгандар үчүн жакшы жаңылык ачышты. Алар тунгуч баласын 30 жаштан өтүп аялдар төрөсө, жаш энелерге караганда узак жашай тургандыктарын далилдешкен. Изилдөөнүн натыйжасы Journal of Public Health басылмасына жарыяланган.

Алардын изилдөөсү көрсөткөндөй, кеч төрөгөн аялдардын генетикалык жөндөмдүүлүгү узак жашоого таасир эткени байкалган. Бирок, адистер бойго бүтүрүүнү кийинкиге  жылдыра берүү да болбойт экенин эскертишкен. Себеби, 30 жаштан кийин бала көтөрүү мүмкүнчүлүгүнүн азайышына өбөлгө түзүлөт.

Окумуштуулардын ишениминде, бул болочок энелердин жашоодогу деңгээли менен жашоо образына да байланыштуу экен. Анткени, билимдүү ары турмуш шарты жакшы аялдар башкаларга караганда кеч төрөшөт.

Ошол себептен, алар сергек жашоо мүнөзүн сактап, өз убагында медициналык жардамга кайрылып турушат. Мындан улам, алардын жалпы жашоо узактыгы көбөйөт.

Салыштырып караганда, 20 жашында төрөгөн аялдар ден соолуктарына анча маани бербестиги аныкталган.