Россияда кыргызстандыктар катышкан мушташтын себеби айтылды

26 ноября 2019 Россияда кыргызстандыктар катышкан мушташтын себеби айтылды

Москвада жекшемби күнү топтошкон кишилер мушташып жатканы боюнча полицияга билдирүү түшкөн. Окуя болгон жерге келген полиция 18 жаштан 49 жашка чейинки 17 кишини кармаган.

Москвада көчө шыпыргандар футболдон улам мушташканын РИА Новости агенттиги жазды.

Ага ылайык, мушташтан кийин 17 киши кармалган.

Жекшемби күнү милицияга Ефремов көчөсүндө мушташ болуп жатканы тууралуу кабарланган. Укук коргоо органдарындагы ишенимдүү кишинин айтымында, мушташкан жарандар "Жилищник" компаниясында иштеген кыргызстандыктар менен өзбекстандыктар болгон.

Окуя болгон жерге келген полиция 18 жаштан 49 жашка чейинки 17 кишини кармаган.

Медициналык жардам сурап бир да жаран кайрылган эмес. Кармалгандарга карата майда бейбаштык боюнча административдик протокол түзүлгөн.

sputnik.kg