Насыя төлөөдөн качкан аял пластикалык операция жасатып алган

25 ноября 2019 Насыя төлөөдөн качкан аял пластикалык операция жасатып алган

Кытайдагы Хубей аймагынын жашоочусу 3,7 миллион доллар көлөмүндөгү насыясын төлөөдөн качып, өзүнө пластикалык операция жасатып алган.

Бул тууралуу Риа Новости кабарлайт.

Ухань шаарынын сотунун чечиминен кийин 59 жаштагы Чжу Нацзюань бетине пластикалык операция жасатып, таанылбай калган. Агенттиктин маалыматы боюнча, ал июль айында шаардын түштүк жагына бара жаткан жеринен кармалган.

Аны камакка алган полиция кызматкерлери жүзүн көрүп катуу таң калышкан. Алардын айтуусу боюнча, кармалган аял 20-30 жашка жашарып алгандай көрүнөт. Акыркы учурда Ухань шаарынын бийлиги насыя төлөөдөн качкан адамдар менен күчөтүлгөн режимде күрөшүп келет. Ушул жылдын алты айында эле 186 адам насыя төлөөдөн баш тартышкан.