Куран китептин кожоюну аны үйгө алмаштырарын айтып кулактандыруу жазып чыкты

25 ноября 2019 Куран китептин кожоюну аны үйгө алмаштырарын айтып кулактандыруу жазып чыкты

Татар элинин бекер жарнамалар жайгашкан сайтында касиеттүү Куран китебинин эң эле эски нускасы сатыкка коюлганы тууралуу билдирүү пайда болду.

Билдирүүнүн автору колунда XVII кылымга тиешелүү кол жазма Куран китебинин бар экени, анын алгачкы ээси “көптөгөн согуштарды баштан кечирип, көздүн карегиндей сактап калган Куран китебин урпактарына табыштап кеткенин” айткан.

Ошондой эле, ал кол жазма түрүндөгү касиеттүү китепти 2 млн рублге сата турганын маалымдаган. Же болбосо, байыртан калган мурасты унаага, батирге, жер тилкесине алмаштыра турганын айтып, баалоо жолдорун да сунуштаган.

Аталган жарнама сайтында буга чейин дагы бир нече жолу Куран китептери сатыла турганы жөнүндө билдирүүлөр жайгаштырылып келген. Бирок, алардын баасы 500 миң рублден ашкан эмес.