65 жыл түтүн булаткан жубайлар эвтаназиянын негизинде бир учурда көз жумду

25 ноября 2019 65 жыл түтүн булаткан жубайлар эвтаназиянын негизинде бир учурда көз жумду

Нидерланды өлкөсүнүн Дидан шаарында жубайлар эвтаназия колдонуп бир убакытта көз жумду.

91 жаштагы Ник менен Трис Элдерхорст жакындары жана туугандарынын көз алдында дүйнө салышкан.

Кызынын айтымында, ата-энеси өлөр алдында бирин-бири катуу кучактап жатышкан.

Жубайлар 65 жыл чогуу жашашкан. Акыркы убакта ден соолугу начарлап, көп ооруй турган болушат. Ник 2012-жылы инсульт болгондон кийин абдан эле начарлап кеткен. Аялынын да эстеп калуу жөндөмдөөлүгү начарбай баштайт. Ал жолдошу көз жумгандан кийин каралар үйүнө түшүп калам деп сарсанаа болгон. Ошондуктан, жолдошу менен биге бул өмүрдөн кетүүнү туура көргөн.

Нидерландыда 2002-жылдан бери эвтаназияга уруксат берилген. 2016-жылы 6091 адам ушул ыкманы колдонгон.

Эвтаназия – ооруп жаткан кары адамдын оорусун жеөилдетип өлтүрө турган ыкма. Ал дарыгерлердин катышуусу менен ишке ашырылат.