Окумуштуулар депрессиядан арылуунун оңой жолун айтышты

22 ноября 2019 Окумуштуулар депрессиядан арылуунун оңой жолун айтышты

Адистер үч ай ичинде клиникалык депрессия менен жабыркаган 30 кишинин ден соолугуна байкоо жүргүзгөн. Алар бул убакытта йога менен алектенишкен. Бир айдан кийин бейтаптардын уйкусу жакшырып, токтоо болуп калганы байкалган.

Бостон университетинин алдындагы медицина мектебинин окумуштуулары йога менен машыгуу жана дем алуу көнүгүүлөрүн жасоо аз убакыттын ичинде депрессия, санааркоодон арылууга жардам берерин аныкташты. Бул тууралуу РИА Новости жазды.

Адистер үч ай ичинде клиникалык депрессия менен жабыркаган 30 кишинин ден соолугуна байкоо жүргүзгөн. Алар бул убакытта йога менен алектенишкен.

Бир айдан кийин бейтаптардын уйкусу жакшырып, токтоо болуп калышкан. Чарчап, алсырабай, көп нерсе үчүн санаа тартпоону үйрөнүшкөн.

Иликтөөчүлөрдүн бири йога менен машыгуу ден соолукту бекемдөөнүн жакшы ыкмасы экендигин белгилеген. Окумуштуулар ал катуу чөгүп, жан дүйнөсү кыйналып ооруган адамдарга дагы жардам берет дешүүдө.

sputnik.kg