Эртең төлөй турган кредитин ойлоп жаткан аял оргазмды сезбейт (18+)

22 ноября 2019 Эртең төлөй турган кредитин ойлоп жаткан аял оргазмды сезбейт (18+)

Аялдарда боло турган 7 абал – оргазмга кедергисин тийгизет.

Окумуштуулар аялдардын көпчүлүгү төшөк катнашында ырахат ала алышпайт дешет. Башкача айтканда, оргазмды сезбейт. Себеби, бир нече.

Оргазмсыз төшөк катнашы – аягы түшүнүксүз бүтккөн кино сыяктуу. Кандай кино көрсөң да аягы кызыктуу бүтсө, ыраазы болосуң. Ошол сыяктуу, төшөктө да “тердеген” соң аягында бир таттуусун сезген жакшы.

Чын эле оргазмге жетүү ошончолук эле кыйынбы? Неге ал аялдар үчүн кыйын? Анын 7 себеби бар.

1 . Ден соолукта болгон проблемалар

Аялдын оргазминдеги белгилүү бир дарттар төшөк кумарына таасирин тигизет. Мисалы:

  • Горманалдык системанын бузулушу;
  • Жыныс мүчөсүнүн сезгениши;
  • Венерологиялык оорулар;
  • Жыныс мүчөсүнүн анатомиялык өзгөрүшү (төрөгөндөн же операциядан кийинки тыртыктар, кооптуу-коопсуз ишиктердин пайда болушу ж.б.).

2. Кындын булчуңдарынын алсыз болушу

Оргазм учурунда кындын булчуңдары өтө катуу жыйрылат. Эгер, булчуңдардын чын эле ошондой мүмкүндүгү болсо... Себеби, кээ бир аялдардын жыныс кынынын булчуңу алсыз жана оргазмды пайда кылуу үчүн толук жыйрыла албайт. Анын себеби, төрөт, жаш өзгөчөлүгү жана булчуңдун генетикалык түзүлүшү болушу мүмкүн. Мындайда аялдын төшөк ыразхатын сезүүсү кыйын болот.

Ооба, жакшы төшөк оюуну учурунда аял “келип-кеткен” оргазмды сезиши мүмкүн, бирок анын “даамын татып” жетишпе калат. “Мына-мына...” деп күткөнү келгендей болгону менен, кайра аны сезе албайт. Бирок, мындан улам төшөктөн баш тартуунун кереги жок. анын айласын табууга болот.

3. Жаман адаттар

Тамеки кутусундагы адамды чочуткан сүрөттөр бекерчинин эрмеги эмес. Алардын бири дал ушул жыныс мүчөлөрүнө тиешелүү. Тамеки чегүү, спирттик суусундуктар да жыныстык катнашка зыянын тийгизет.

4. Дары-дармектерди кабыл алып жаткан учурда...

Ооба, мунун таасири убактылуу гана. Кээ бир дары дармектер гормоналдык фонго жана психикага таасир этүү менен оргазмга терс таасирин тийгизет. Уйку чакыра турган дарылар жана антидепрессанттар – төшөк ырахатын ойдогудай сездирбейт. Ошондуктан, дары ичип жүргөндө төшөк оюндары ойдогудай болбосо, дарыгерге кайрылыңыз.

5. Жараат алуудан сак болуңуз

Эркектерге караганда аялдар кеч “от алышат”. Кучактоо, эркелетүү, сүйүү жана сылап-сыйпалоо мунун баары аял үчүн маанилүү. Себеби, ал аркылуу аялдын жыныс кыны дүүлүгөт. Эгерде эркектин жыныс мүчөсү кургак кынга киретурган болсо, анда аялдын жыныс кыны жабыркашы мүмкүн. Натыйжада, назик тери ооруксунуп, аял толугу менен бошоңдоп, төшөк оюндарына бериле албайт.

Муну эркек билбесе, ачык айтып, түшүндүрүп коюунун зыяны жок.

6. Жагымсыз ойлор да таасирин тийгизет

Жубайларга тоскоол болгон себептердин бири ушул... Төшөктө жатса да, өмүрдүн күңгүрт жактарын, проблемаларын ойлогондор көп. Эртеңки төлөй турган карызы, урушуп кеткен адамы, баласынын мектепте алган экиси, жумуштагы башчысынын катааалдыгы...

Эгер ушунун баары жыныстык катнаштан баш тартканда чечилип калса, жакшы болот эле го. Анын ордуна баарын унутуп, сүйүү кумарына бир саат болсо да батып алган жакшы. Секстен мээ сергип, кийин ошол көйгөйлөрдү чечүүнүн мыкты жолу табылышы мүмкүн.

7. Өзүнүн организмин жакшы билбеген аялдар

Ар бир аял өзүнүн эрогендик аймактарын билсе, оргазмга жете турган жол ачылды дей белгиле. Эгер билбесеңиз, күйөөңүз аркылуу билип алыңыз. Ошондуктан, жыныстык катнаш учурунда ар кандай эксперименттерди жасап көргүлө.