Кыргызстанга ЕАЭБ тышындагы өлкөлөрдөн ташып келинген унааларды бажылык жол-жоболоштуруунун шарты автосүйүүчүлөрдү дайым түйшөлтүп келген. Жакында эле тийиштүү орган маселеге чекит койду. Мындай чечим жергиликтүү унаа рыногуна кандай таасир этерин материалдан окуңуздар.
Кечээ, 20-ноябрда, Евразиялык экономикалык комиссиянын кеңеши Кыргызстанга үчүнчү өлкөлөрдөн ташып келинген автомобилдерди бажылык жол-жоболоштуруунун жеңилдетилген мөөнөтүн узартуу өтүнүчүн четке какты.
Эске салсак, Экономика министрлиги июль айында жеңилдетилген бажы төлөмдөрүнүн мөөнөтүн узартуу боюнча токтомдун долбоорун иштеп чыккан. Кийинчерээк КР жеңилдетилген мөөнөттү төрт жылга узартууга ниеттенип, төлөм өлчөмүн да бийлик өзү белгилегени анык болгон.
Кыргызстанда жеңилдиктер 2019-жылдын 31-декабрында токтойт, ал эми келерки жылдын башынан тарта ЕАЭБге мүчө болбогон өлкөлөрдөн КРге ташып келинген унааларды бажылык жол-жоболоштуруу кыйла жогорулайт. Бир аз мурда Мамлекеттик бажы кызматы даана мисал келтирген: эгер азыр 2009-жылы чыккан, кыймылдаткычы 2,5 куб сантиметр болгон Toyota Camry унаасынын бажы төлөмү 1250 долларды түзсө, жаңы жылдан кийин бул сумма 11 эсеге көбөйүп, 13 600 долларды түзмөкчү.
Sputnik Кыргызстандын кабарчысы серепчилердин пикирин тыңдап, жаңырган жылда өлкөнүн автомобиль рыногун эмне күтөрүн жоромолдоого аракет кылды.
Авто баасы кескин өсөбү?
Кыргызстандык автосүйүүчүлөр мындай кырдаалга бир нече жыл мурун да кабылганын эске салат "Армада Трейдер" компаниясынын жетекчиси Алибек Жумагулов.
"2015-жылы бул кандай болгону эсиңиздердеби? Эл дал ушул убакта, октябрдан декабрь айына дейре жанталаша авто сатып ала баштаган. Ишкерлердин тилегин таш каап, бажы төлөмдөрү жогорулаган соң дүрбөлөң токтогон. Бизнесмендер салган акчасын чыгарып алуу үчүн машиналарды арзан карматууга аргасыз болушкан. Жогорку сапаттагы унаалар гана кымбаттайт, калгандары мурдагы эле баада сатылат. Анан калса, биздин базар Россиядан ташылган унааларга да ачык, алар да бааны төмөндөтүп турат", — деп белгиледи ал.
Экономист Нургүл Акимова кыргызстандыктардын көбү мурда айдалган авто сатып алышарын айтып, мындан улам жаңы эрежелер базардагы баага анча таасир этпейт деп эсептейт.
"Баа дайым талап менен сунушка жараша. Өлкөбүздөгү көпчүлүк адамдар экинчи кол рыногунан сатып алат. Мурда айдалган автолор азыр да жайнайт, ушул себептен бажылык жол-жоболоштуруунун кымбатташы алардын наркына анчалык таасир этпейт. Жаңы автомобилдердин баасы 30 пайызга өсүшү мүмкүн", — деди ал.
Машиналардын кескин кымбаттап кетпей турганына эркин эксперт Улук Кыдырбаев да ынанат. Анын пикиринде, өлкө акырындап ЕАЭБ өлкөлөрүндө өндүрүлгөн автолорго өтөт.
"Машиналардын баасы кол жеткис деңгээлге көтөрүлүп кетет деп ойлобойм. Автосүйүүчүлөр тандоосун алмаштырып, Россия, Казакстан, Белоруссия автобазарларына көңүл бурууга тийиш. Варианттарды биримдикке мүчө өлкөлөрдөн издейбиз", — деди ал.
Башка серепчилер унаа базарындагы баа кыйла жогоруларын жоромолдошот. Маселен, экономист Искендер Шаршеев Кыргызстанда машиналардын баасынын өсүшү сезилерлик болорун болжолдойт.
"Кырдаал оңой эмес, авто чындап эле кымбаттайт. Базардагы баанын көбөйүшү ушул тапта деле байкалууда: машиналар жеңилдетилген мөөнөт расмий жарыяланганча эле кымбаттап кеткен. Жаңы эрежелер электромобилдердин рыногунун өнүгүшүнө өбөлгө болушу ыктымал, бирок аларды сатып алууга бардык кыргызстандыктын чама-чаркы жетпейт", — деп кошумчалады ал.
Кыргызстандын рыногунда электромобилдердин кеңири орун алышына экономист Кеңешбек Алымбеков анча ынана бербейт.
"Электрдик унаалар автосүйүүчүлөрдүн кеңири сегментине жетишерлик эмес. Андай унааларды чыгаруучу заводду курсак абдан жакшы болмок, бирок демилгени ишке ашырууну улам создуктуруп келишет", — деп белгиледи эксперт.
Бул экономист да авто баасынын асмандашын, үчүнчү өлкөлөрдөн унаа ташып келүү кескин кыскарарын айтат.
Ишкер Данияр Салякаевдин пикиринде, жеңилдетилген мөөнөттүн эмне болору бир топ кыргызстандыктарды ойго салган. Унаа базары азыр дүрбөлөңгө түшүүдө, анын аркасынан баа жогорулайт.
"Жылдын жаңырышына чейин баа өсөт, бирок андан кийин кырдаал мурдагы калыбына келет. 2020-жылдын башында адатта баа жогору болбойт, кыргызстандык авторыноктун табияты ушундай. Биздин рынокко сезондук өзгөчөлүк мүнөздүү", — деп кошумчалады ал.
Салякаев жергиликтүү ишкерлер бизнес багытын башка өлкөлөргө, маселен, Россияга бурарын баса белгилейт, бул дагы баага таасир этет.
"Россия — бул кардарга тандоо түрүн сунуштоо үчүн машина ташып келүүгө жападан жалгыз вариант. Россиялык рынокту талдап жатып, ал жакта соңку убакта машиналардын баасы 10-20 пайызга өскөнүн байкадым. Ошондуктан бизде дагы ушундай жагдай күтүлөт", — деп оюн ортого салды бизнесмен.
Милдеттенмелерди аткаруу маалы келдиби?
Бажы төлөмүнүн кымбаттыгы — бул кандай экономикалык интеграция болбосун, көндүм тажрыйба деп эсептейт Акимова. Анын айтымында, жеңилдетилген мөөнөт түбөлүк каларын эч ким убадалаган эмес.
"ЕАЭБ боюнча келишимде эң маанилүү концептуалдык нерсе туурасында кеп жүрүүдө: бир нече мамлекет биримдик түзөт, ичинде болушунча жеңилдиктер орнотулган, ал эми үчүнчү өлкөлөргө протекционизм саясаты, анын ичинде бажы төлөмүнүн кымбатташы күчүнө кирет. Бул принцип 2015-жылы эле иштей баштаган. Бирок Кыргызстан мыйзамга шайкеш келтирүү жана бизнес процесстерин кайра карап чыгууга үлгүрүү үчүн жеңилдетилген мөөнөт сурап алган. Көнүп, ыкка түшүп алуу убагы акыры аягына чыгары башынан эле белгилүү", — деп белгиледи эксперт.
Жаңы эрежелер бир топ татаалдык, тоскоолдуктарга тушуктурары турулуу иш экенин, бирок жөнгө салууга болорун кошумчалайт Кыдырбаев.
"Шайтан эл сүрөттөгөндөй коркунучтуу деле эмес. Албетте, тандоо мүмкүнчүлүгү болгону дурус, бирок биримдиктин бир бөлүгү болууну чечкен соң жоопкерчиликти алууга тийишпиз. Балким мындай жол биздин мекендештердин диаспорасына жаңы бир багыт ачып берер", — деп белгилейт ал.
Унаа бизнесинин тагдыры кандай болот?
Бир топ жылдан соң Кыргызстандын авторыногу түзүлүшүн да өзгөртөрүн болжойт Салякаев.
"Эгер мурда ташып келинген 10 машинанын сегизи Toyota жана Lexus болсо, жаңы жылда жагдай өзгөрөт, өлкөгө Россия рыногуна мүнөздүү болгон Audi, Volkswagen жана башка автолорду да ташый башташат", — деди ал.
Ал эми Жумагулов кыргызстандыктар акырындап Toyota унаасынан Россияда куралган автолорго өтө баштарын айтат. Жергиликтүү ишкерлердин азыркыдай Европа жана Америкадан машина ташыган бизнеси токтойт, бирок буга кейип-кепчүүнүн кереги жоктугун кошумчалайт ал.
"Европа менен Америкадан Кыргызстанга авто ташуунун мааниси жок, бирок аукциондорго түз катыша алгандыктан, бөлөк өлкөлөрдүн рыногуна да оңой эле өтө алабыз", — деп белгиледи Жумагулов.
Экономист Шаршеевдин пикиринде, авто өлкөгө көмүскө схемалар менен ташыла баштайт.
"Бизнес бир ыгын табат, бирок ал канчалык деңгээлде ЕАЭБдин эрежелерине ылайык келет? Машиналарды аткезчилик жол менен ташуу башталып, көмүскө схемалар жаралышы ыктымал", — деди ал.
Акимова бажылык жол-жоболоштуруунун жаңы эрежелери күчүнө кирген соң базарда машина сатуу мурдагыдай ыргакта болбой каларын белгилейт.
"Бишкекте дээрлик ар бир үй-бүлөнүн бирден унаасы бар. Колунда бир миллион сомго чейин акчасы барлар авто сатып алып, андыктан базарга эркин чыга алышчу. Азыр бул чек жогорулайт, активдүү сатып алуучулардын арасынан базарда төлөөгө жөндөмдүү кардарлар гана калат. Бул кадыресе кырдаал, ага биз даяр болууга тийишпиз", — деп кошумчалады экономист.
Бүйүр кызыткан дагы бир баяндаманы барактаңыз, анда серепчилер бажы жол-жобосунун тегерегиндеги дүрбөлөң Кыргызстандагы машиналардын быйылкы күздөгү баасына кандай таасир эткенин айтып беришкен.