АКШ Сириядагы аскердик операция Орусия үчүн пайдалуу болгонун мойнуна алды

12 ноября 2018 АКШ Сириядагы аскердик операция Орусия үчүн пайдалуу болгонун мойнуна алды

Орусиялык аскерлер Сириядагы операциянын жүрүшүндө баалуу тажрыйбага ээ болду, деп билдирди АКШнын деңиз аскерин талдоо борборунун серепчиси Майкл Кофман.

Кофман Сирия орусиялык курал-жарактардын күчүн кайрадан түзгөн жай болуп калды; бул Орусияга чоң аскердик тажрыйба жана дарамет берген “бактылуу согуш” болду билдиргенин РИА “Новости” National Interest-ге шилтеме жасоо менен билдирди.

Серепчинин баасы боюнча, болжол менен өлкөнүн үчтөн эки тактикалык авиациялык каражаттары Сирия Араб Республикасынын аймагында колдонулду.

Мындан тышкары, бардык катардагыдан баштап жогорку офицердик чиндер согуштук аракеттердин заманбап ыкмалары жөнүндө баалуу билим алышты жана жаңы  куралдуу жаңал чыккан учурда колдоно турган жаңы идеяларды иштеп чыгышты.

Терроризмге каршы Сириядагы операция Орусияга анын кемчиликтерин да көрсөттү, тактап айтканда аз калибрдеги курал-жарактарды, душмандын жабыркатуучу каражаты таасир эткен зонадан тышкары, чоң алыстыкта колдонулган курал-жарактарды, ошондой эле артиллериялык башкарыла турган курал-жарактардын комплексин чоң санда сатып алуу керектигин көрсөттү.

Ошондой эле, серепчи Орусия кызматтар ортосундагы талаштарды бирдиктүү аракеттенүү үчүн чечүү керек деп эсептейт.

Буга чейин Орусиянын президенти Владимир Путин Сириядагы операциянын жыйынтыгына баа берген эле.

Булак: https://vz.ru/news/2018/11/9/949865.html?fbclid=IwAR3I_7HgX_ZkEGsBppaI_XzfcF8sj1GTDt_mNQ-HUE3yePV_47cWR62qqx4