Нарын шаары боюнча жалпы маалымат

21 ноября 2019 Нарын шаары боюнча жалпы маалымат

ЖАЛПЫ МААЛЫМАТ:

Нарын облусу м-н ж-а Нарын рай-н борбору, (1927-жылдан); ички Тенир-Тоо аймагындагы жол тоому. Бишкек шаарынан 365 км., Балыкчы темир жол станциясынан 180 км., Ортонку-Нарын ороонунун чыгыш болугундо, Нарын д-сынын (аты дагы ошондон) боюнда Ала-Мышык жана Нарын-Тоолорунун тун. этегинде, Бишкек-Торугарт автомобиль жолунун боюнда, дениз денг. 2024 м. бийиктикте жайгашкан. Аянты 5040 га, калкы 42 272 (1.01.2009-ж.)

ТАБИЯТЫ:

Рельефи тектирлуу, батышка карай жантайынкы. Шаар аймагынын чыгыш жагы гана дарыянын он жээгине отот. Шаарды туштуктон Нарын жана Ала-Мышык тоолору курчап турат. Алардын тун. капталдары тик аска-зоокалуу. Кырлары ороондун таманынан 1200 м. бийик. Шаардын тун. тарабы чаптуу келип, дарыянын он жээгине тик кемерлуу жар болуп тушот. Нарын д. кууш ороондун тун. чети аркылуу тик кемерлердин тубун бойлой шар агат. Шаар суунун денг. 5-6 м. бийик жаткан тектирде жайгашкан. Ороондун таманынын жазылыгы 300-500 м-дей, батышка бир аз кенейеет. Нарын д-нын кууш аска-таштуу нугуна (шаардын чыгыш четинде) 1868-ж. салынган копуронун батыш жагындагы чаптуу доболордун этегинен сууну коздой эништеп кеткен туздук чыгышты карай созулат.


Климаты кескин континенттик. Январдын орто темп-сы 17,1 С, эн томонку темп-ра -38 С. Июлдун орт. темп-сы 17,2 С, эн жогоркусу 37 С. Кышы ызгаардуу, узак, жайы негизинен мээлуун, кургак. Жылдык жаан-чачыны 250-300 н.м, анын 71 %ы апрель-октябрь айларында тушот. Кар катмары марттын аягына чейин жатат. Орто. калындыгы 21 см., Эн калын жааган учурда 60 смге жетет. Жылдын жылуу мезгили (суткалык орт. темп-сы 10 С) 4,5-5 айга созулат. Шаарда тоо-ороон шамалы, шаардын чыгышы менен батышынан соккон шамал коп кайталанат. Нарын д. монгу, кар сууларынан куралат. Жылдык орт. чыгымы Нарын ш-на жакын жерде 88,4 м. куб/сек, эн кобу 232 м. куб/сек. (июль, эн азы 25,2 м. куб/сек январь)

Топурагы ачык куба курон, ж-а кара конур. Шыбак- бетегелуу, чий ж-а эфемер осумдуктуу, кургак-талаа ж-а талаа ландшафттуу. Азыр алар антропогендик ландшафтка айланууда. Тоо капталдарында сейрек карагай, алтыгана, табылгы, тоо куйрук, туркун чоп-осумдуктору осот.

КАЛКЫ:

(1939-ж.-4,5 мин, 1970-ж-21,5 мин,1980-ж-32,0 мин киши, 2009-ж -42,272 киши) коп улуттуу, негизинен кыргыз (88 %), андан тышкары орус (6,5%), озбек (1,2%), уйгур (0,7%), дунган (0,6%), украин (0,5%), ж.б. жашайт. Эмгекке жарамдуу калктын 85 % негизинен соода-сатыкта, онор-жайда, курулушта, шаардык, райондук, облустук денгээлдеги кызматтарда уй-кызматында, комокчу чарбаларда ж.б. иштешет.

ТАРЫХЫ:
Н. тарыхый маалыматтар боюнча Токмок, Бишкек жана Каракол шаарлары менен бир мезгилде, Жети-Суудан Кашкарга (Кытай) кетуучу соода жолундагы Кокондуктардын чеби катары XIX кылымдын 30-жылдарында негизделген, 1863-ж. чепти орус аскерлери басып алган. Кийин ал кайрадан Кокондуктарга откон. Чеп 1867-ж. гана биротоло бошотулуп, ал жерге 100 казак-орус аскерлеринин кошуунунан турган гарнизон жайгаштырылып, казарма курулган. Гарнизон Бишкек-Нарын-Торугарт соода жолундагы Нарын д-на салынган (1868-ж.) копурону, Нарын-тоодогу ашууларды кайтарган. Чептин жанында чакан айыл пайда болуп, анда жашаган татар, озбек, дунгандар жерг. кыргыздар менен соода-сатык жургузушкон. Ал айыл жай оскон. 1903-ж. анда 875 адам (а.и. 395 орус, 230 озбек, 64 кыргыз ж.б.) жашаган. Айыл Кашкар тарапка товар жонотууго ынгайлуу пункт катары милдетти аткарган. Мис. 1899-ж. ал жерден Кашкар тарапка 2614 тоого, 44 атка, 15 эшекке арткан 30871 пуд жук (288,7 сомдук) жонотулгон. Мындан тышкары Н. айыл аркылуу 10,0 минге жакын кой, 100 уй оторулгон. Н. бажыканасы аркылуу жылына 5000 жакын жургунчу отуп турган.
Калкынын бир болугу мал багып, мал чарба продуктыларын (жун, тери, кийиз ж.б.) Фергана ороонуно кол-онорчулук аспаптарга алмашып турушкан. О-Ж. товарларын нан менен жашылчаны Верный менен Караколдон, жузум м-н мом-жемишти (орук, шабдаалы ж.б.) Кашкардан алып турушкан. Н. соода пункту катары гана оскон. 1913-ж. мында 1500 киши жашаган, 139 соода пункту 300 000 сомдук соода-сатык иштерин жургузушкон. Соодагерлерди тейлоочу 3 кербен сарай, бажыкана, бир нече чайкана болгон. Бут кийим, кийим тигуучу, шайман ондоочу, 5 кустардык жонокой мастерской иштеген. Чиркоо, мечит, почта, лазарет, башталгыч окуу жайы (12 бала окуган) болгон.

Революцияга чейин Н-да Орусиянын башка жерлеринен саясий сургунго айдалып келгендер (Викторов А., Кузнецов Д.. Неживов И., Ловрентий, Доценко В.Д., ж.б.) да жашаган. А. Викторов менен Д.Кузнецов ишенимсиз адамдар катары 1905-ж. айдалып келип, угут-насаат иштерин жургузушкон. Бажыкана чиновниги В. Доценко менен доктор Ловрентий тарыхый материал чогултуп, айрыкча жапайы куштардын ото кылдат даярдалган терилерин Орусия м-н Европанын орнитолготоруна, музейлерине берип турган. Коммерсант И. Неживов тируу айбанаттар м-н курт-кумурскаларды кармап, Европанын ажайыпканаларын (зоопарк) жабдып турган.

Шаарда Совет бийлиги 1918-ж. орногон. Граждандык согуш маалында шаарда баш калкалашкан ак гвардиячылар 1920-ж. ноябрда рев-га каршы козголон чыгарышкан. Козголонду Бишкек, Токмок, Караколдон келген отряд м-н Туркстан полкунун аскерлери баскан. Шаар 1918-ж-дан уезддин, 1926-ж-дан кантондун, 1939-ж-дан облустун борбору. 1997-ж. 15-апрелде шаардын герби (эмблемасы) бекитилген. 1997-жылдын 5-сентябрындагы Нарын шаардык Кенешинин XII сессиясында Нарын шаарынын салтанаттуу ыры (Гимни) кабыл алынган.

1939-ж-га чейин шаар негизги планы жок курулуп келген. Негизги пландын 1-схемасы 1939-1940-ж. тузулгон. Ал 1950-ж толук иштелип чыгып, анда шаар аймагынын зоналарга болунушу, турак уйлордун кабаттуулугу, шаардын борбордук болугун рек-лоо каралган. Акыркы негизги план 1979-ж. тузулгон. Анда шаар курулушун Нарын д-нын табигый ландшафтын бойлой онуктуруу долбоорлонгон. Шаардын композициялык чордонун В.И.Ленин атындагы борбордук аянт тузгон. Борбордук аянтка улай муз-лык драма театры жана маданият уйу жайгашкан. 2 аянт тен гулзар аркылуу кошулуп, бирдей арх-лык ансамблди тузот.

Шаарыбыздын экон-лык багытын турукташтыруу учун инв-циялоо колго алынып, жаны жумушчу орундарды тузуу менен туристтерди тартуу максатында Н. шаарында 300 орундук «Корона» рестораны ж-а коп тармактуу «Дордой-Плаза» соода комплекси ж-а сурот галлереясы салынып, ишке киргизилген. Адм-дик ж-а коомдук мекеме имараттары негизинен Ленин кочосундо жайгаштырылган. Узундугу боюнча (20 км. ден ашуун) бул кочо дуйнонун кайсы шаары б-со да эн узун кочосу м-н тентайлаша алат.