Өзгөн районунун жашоочусу Д.А. Оруссияда оор кылмыш жасагандыгы үчүн шектелүүдө

21 ноября 2019 Өзгөн районунун жашоочусу Д.А. Оруссияда оор кылмыш жасагандыгы үчүн шектелүүдө

Ош облусунун Өзгөн районунун бир нече жолу соттолгон жашоочусу  Д.А. Оруссияда  оор кылмыш жасагандыгы үчүн, тактап айтканда, Москва шаарындагы “Люблино” метросунун станциясындагы кафелердин биринде Кыргызстандын эки жаранын уурдоого шектелүүдө. Бул тууралуу ИИМдин Басма сөз кызматы билдирди.

Ал маалыматтарга караганда, кийинчерээк уурдалган адамдардын киши колдуу болуп өлгөн жансыз денеси табылган. Оруссиянын укук коргоо органдары Д.А. карата мамлекеттер аралык издөө жарыялаган.

Азыркы учурда соттун чечими менен Д.А. карата соттун чечими менен абакка камоо боюнча бөгөт чарасы тандалган.

ИИМдин КМКнын Аймактар аралык башкармалыгы шериктештерин кармоо жана жогорудагыдай фактыларды аныктоо боюнча тиешелүү иш-чараларды жүргүзүүдө. Опузалоо учурлары боюнча сотко чейинки өндүрүштү ИИМдин Тергөө кызматы жүргүзүп жатат.

Нурлан Эгемберди уулу

http://kalys.media