“Бабанов позициясын катуу карманып турат”. “Ата-Журт” менен “Республика” шайлоого бирге барышы мүмкүн

21 ноября 2019 “Бабанов позициясын катуу карманып турат”. “Ата-Журт” менен “Республика” шайлоого бирге барышы мүмкүн

"Ата-Журт” саясий партиясынын төрагасы Камчыбек Ташиев 2020-жылкы парламенттик шайлоого кайрадан “Республика” партиясы менен биргеликте барышы мүмкүн. Бул тууралуу Ташиев “Азия ньюс” гезитине берген маегинде билдирип, учурда Өмүрбек Бабанов менен бул туурасында сүйлөшүүлөр болуп жатканын айтты:

” 2010-жылы «Ата Журт» партиясы биринчи орунду алып келген. 2015-жылы бириккен «Республика – Ата Журт» партиясы экинчи орунду камсыз кылган. Азыр 2020-жылкы шайлоого ошол эле «Ата Журт» партиясынын тегерегинде эле барабыз. Бирок, азыркы күндө ачык эле айтыш керек, так эле «Ата Журттун» жалгыз өзү барары да кыйын. Мүмкүн ошол эле «Республика – Ата Журт» партиясы менендир, бул маселени жакында чечебиз. Алүстүнө Өмүрбек Бабанов да келип калды. Жакындан сүйлөшүп, баарлашып атабыз. Ал эми Өмүрбек Бабанов «Азырынча саясатка кайтпайм» деп катуу позициясын карманып турат. Турмуш ар кандай өзгөртүүлөрдү киргизиши мүмкүн” – деди саясатчы.

Нурлан Эгемберди уулу

http://kalys.media